Ысык-Көл облусунун башчысы жол кырсыгына кабылып, ооруканага түштү

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы облустун башчысы Элчибек Жантаев Бишкек — Торугарт жолунда аварияга кабылганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жантаевдин кызматтык унаасын айдап бараткан 24 жаштагы айдоочу машинаны башкара албай, унаа оодарылып кеткен.

Учурда Жантаев Балыкчы шаардык ооруканасында дарыланууда, анын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Бул факт Балыкчы ШИИБинде катталып, милиция соттук-техникалык экспертиза дайындады.