Гимндин автору Шабданбек Кулуев 78 жашында көз жумду

Маркум Шабданбек Кулуев

Кыргызстандын Гимнинин сөзүн жазган авторлордун бири Шабданбек Кулуев 24-ноябрда көз жумду. Ал 78 жашта болчу. «Азаттык» басылмасы маалымдагандай, ал оорудан улам каза болду.

Кулуев 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктап, эмгек жолун 1963-жылы мектепте мугалим болуудан баштаган. Андан соң Жумгал районунун «Фрунзе» атындагы орто мектептин директору болуп дайындалган. Ошондой эле, «Кыргыз Туусу» гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп эмгектенген.

Ал 1993-жылы «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланып, бир жылдан соң «Эмгек сиңирген ишмер» жана 2011-жылы «Эл мугалими» наамдарына татыган. Мындан сырткары, 1991-жылдан тарта Кыргызстандын Жазуучулар союзунун мүчөсү жана 2011-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардактуу наамына ээ болгон.

Кулуев Кыргызстандын Гимнин кыргыз эл акыны Жалил Садыков менен бирге жазган. Ал эми Гимн 1992-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна ылайык кабыл алынган.