Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 70 миңден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 24-ноябрда өлкөдө коронавирустун жаңы 481 учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 16 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Чүй облусу — 176 (эки медик);

Бишкек шаары — 124 (беш медик);

Жалал-Абад облусу — 67 (үч медик);

Ысык-Көл облусу — 35 (бир медик);

Ош облусу — 22 (бир медик);

Баткен облусу — 21 (эки медик);

Ош шаары — 16;

Талас облусу — 14 (бир медик);

Нарын облусу — 6 (бир медик).

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 70 366га жетти. Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 433 бейтап айыгып, төрт киши көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катталды — 82 жана 80. Ошондой эле Ош облусунда — 77, Ысык-Көл облусунда — 54, Жалал-Абад облусунда — 50, Баткен облусунда — 34, Талас облусунда — 30, Ош шаарында — 18 жана Нарын облусунда сегиз бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Өлкөдө коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 61 593тү түзүп, 1 241 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 948 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 147 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 829 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.