Юристтер учурдагы Конституцияны өзгөртүүгө каршы турууга чакырды

Өлкөнүн юристтери 23-ноябрда сунушталып жаткан жаңы Баш мыйзам боюнча брифинг өткөрүштү. Анда алар Конституцияны алмаштыруунун зарылчылыгы жок экенин айтышып, коомчулукту ага каршы турууга чакырышты.

Ошондой эле брифингдин катышуучулары референдум өткөрүү демилгесин артка кайтарууну, парламенттик жана президенттик шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүүнү жана бийликтен өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иш алып баруусун талап кылышты.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында, өлкөнү жаңы Конституция өзгөртпөйт. Эргешбаева «бийликтеги коррупционерлер жана билимсиз кишилер Конституцияны өзгөртүп алып да мурдагы иштерин жасай беришет» деп эсептейт.

«Азыркы күндө ар бир мамлекеттик структурада коррупция бар. Ар бир мамлекеттик менчиктин үстүндө мындайча айтканда “кароочулар” отурат. Алардын баары мамлекеттик мекемелерде жетекчи болуп иштешет. Конституцияны өзгөрткөн менен ошол абал жоголбойт», — деди ал.

Юрист Сания Токтогазиева президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун жана парламенттин 6-чакырылышын конституциялык реформа жасоого укугу жок экенин белгиледи.

«Ошондо да Жогорку Кеңеш негизинен өзгөртүүлөрдү гана киргизе алат. А бизде болсо азыр таптакыр жаңы Конституция элге таңууланып жатат», — дедит ал.

Ал Венеция комиссиясынын Жогорку Кеңеш ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы тууралуу билдирүүсү тууралуу да оюн билдирип, аталган комиссияны сыңдагандарга анын чоо-жайын түшүндүрүп берди.

«Көпчүлүк “эмне үчүн Венеция комиссиясын угушубуз керек? Ал батыштын идеологиясын таңуулап жатат” деп атасыңар. Бул таптакыр туура эмес. Ал комиссия Европа кеңешинин алдында эксперттерден түзүлгөн эң чоң конституциялык топ», — деди ал.

Юристтер учурда https://stop-referendum-kg.com/ сайтын түзүшүп, Конституцияны алмаштырууга каршы жарандардан кол топтоп жатканын билдиришип, коомчулукту референдумга каршы турууга чакырышты.

Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?