Бишкекте кинотеатр жана фудкорттор 1-декабрдан тартып иштей баштайт

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кинотеатрлар 1-декабрдан тартып ишин баштаарын кабарлады. Ошол эле учурда залдагы орундуктар болгону 50 пайыз гана толушу керек. Ошондой эле сооода борборлорундагы фудкорттор да ачылат.

Ал мектеп жана бала бакчаларды эске албаганда, Бишкек шаарындагы чектөөлөр акырындык менен алына турганын белгиледи.

«Соода жайлары штаттык режимде иштеп баштайт, убакытты чектөө болбойт. Тойкана жана ресторандарга атайын алгоритм иштелип чыкты, бизнес токтобошу керек», — деди Түлөбаев.

18-ноябрда кинотеатрларды ачууга уруксаат берет деген кептер айтыла баштаган. Анткен менен республикалык штаб кинотеатрлар менен фудкортторду ачуу маселеси азыркы тапта өкмөттө каралып жатат деп билдирген болчу.

Ушул тапта Кыргызстанда 24-мартта киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталып турат. Аны менен катар бир катар экономикалык ишмердүүлүктөргө чектөө киргизилген: кафе-ресторандар, театр жана кинотеатрлар, соода борборлору жана базарлар жабылган. Кийин бийлик ишкерлерге чектелүү убакыт аралыгында иштөөгө уруксаат берген.

Кинотеатрлар —Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жабык турган акыркы бизнестердин бири. Өндүрүшчүлөр жана кинотеатр ээлери өкмөткө бир нече жолу кайрылып, чыгым тартып жаткандыктан иштөгө уруксаат берүүнү өтүнүшкөн.