БШК: Президенттикке талапкерлердин саны 47 менен жыйынтыкталды

БШК президенттикке ат салыша турган талапкерлердин тизмесин жыйынтыктады. Ошентип өлкө башчылык кызмат үчүн 47 талапкер күрөшөт. Алардын ичинен 46 адам — өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер.

Ошондой эле БШК 47 талапкердин 39у комиссия аныктаган «РСК Банк» менен «Айыл Банктан» атайын эсептерди ачып, шайлоо фондун түзгөнүн билдирди.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн жалпы 65 адам арыз берген. Бирок БШК 12 талапкердин документин кайтарып берген, себеп дегенде алардын берген документтери шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн талаптарга туура келбей калган. Ал эми президентикке аттанган 6 талапкер шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тарткан.

Белгилүү саясатчылардын ичинен шайлоого Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Клара Сооронкулова, Садык Шер-Нияз, Турсунбай Бакир уулу, Курсан Асанов, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Самат Ибраев жана Садыр Жапаров катышмакчы.

Арстан Алай, Назарбек Нышанов, Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Малиев жана Улукбек Кочкоров буга чейин да президенттикке талапкер болушкан.

Талапкерлердин арасында экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров, топ-менеджер Аймен Касенов, бизнесмен Бабур Төлбаев жана УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев сыяктуу жаңы адамдар да бар.

Кезексиз президенттик шайлоо

Шайлоо компаниясын каржылоо үчүн шайлоо фондусу талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалгандан кийин 4 күн ичинде ачылышы керек.

Мындан кийин талапкердин командасы лидерин колдоо үчүн 30 миң кол топтоп баштай берсе болот.

Президентикке талапкерлер 2020-жылдын 3-декабрында саат түнкү 12:00гө чейин талапкердин колдоосу үчүн кол топтолгон бланкты жана 1 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек.

БШКнын мүчөлөрү документтер тапшырылган күндөн тартып 7 күндүн ичинде чогулган колдордун аныктыгын текшерет. Документтердин баары талаптарга жооп берсе, БШК талапкерди каттап, эки күндүн ичинде ага тиешелүү күбөлүк берет.

БШК каттоодон баш тарткан учурда талапкер 5 күндүн ичинде анын чечиминин үстүнөн даттанып, сотко кайрыла алат.

Талапкерлердин шайлоодогу расмий өнөктүгү 15-декабрда старт алып, 2021-жылдын 9-январында таңкы саат 8:00дө аяктайт. Ушул күнү добуш берүү алдындагы жымжырттык күнү болот.

Кыргызстандын кезексиз президенттик шайлоосу 2021-жылдын 10-январына дайындалган. БШК 21-январга (ушул күнү дагы) чейин шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга тийиш. Шайлоонун биринчи турунда добуштардын жарымынан көбүнө ээ болгон талапкер жеңген болуп эсептелет.

Эгерде бир дагы талапкер мындай добушка дароо ээ боло албаса, комиссия кайрадан шайлоо жарыялайт. Ошол эле учурда шайлоочулардын эң коп добушуна ээ болгон эки талапкер гана калат. Кайрадан добуш берүү же экинчи тур шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин 20 күн аралыгында өтүүгө тийиш.