Өлкөдө коронавирус жуктурган беш киши дүйнө салды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 27-ноябрда коронавирусту жуктуруп алган беш бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 256га жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМ 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17-ноябрга карата COVID-19дан каза болгон 29 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөнүн кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 71 548 учуру катталды. Ооругандардын 62 946сы илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.