Орусия Кыргызстандын жакыр үй-бүлөлөрүнө 8 млн долларлык азык-түлүк бөлдү

Орусия Кыргызстандагы жакыр жашаган үй-бүлөлөлөргө колдоо көрсөттү. Ири өлчөмдөгү азык-түлүк (буудай уну жана өсүмдүк майы) тапшыруу иш-чарасы 25-ноябрда болуп өттү.

Орусия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте аракеттенип Кыргызстанга 9 миң тоннадан ашуун азык-түлүк өткөрүп берди, гуманитардык жүктүн жалпы баасы 8 млн долларды түзөт.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, азык-түлүк 125 миң адамга каралган, аларды жергиликтүү органдардын карамагындагы комиссиялар бөлүштүрөт.

Азык-түлүк муктаждарга алардын коомчулукту өнүктүрүү боюнча тренингдерге (тигүүчүлүк, кол-өнөрчүлүк, бал аары өстүрүү, кулинария) жана сугат каналдарын, токой массивдерин, таза суу менен камсыздоочу түтүктөрдү куруу же калыбына келтирүү сыяктуу долбоорлорго катышып берүүлөрүнүн ордуна берилет.

БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Андреа Баньоли бул аманат жумушсуздукту көбөйтүп, мигранттардан келген акчалай колдоону кыскарууга алып келген глобалдык пандемиядан улам, социалдык-экономикалык оорчулуктарды башынан кечирген үй-бүлөлөргө жакшы колдоо болгонун айтты.

Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинен 2008-жылдан бери Орусия Кыргызстандын азык-түлүк программаларын колдоого 96 млн долларга жакын каражат бөлгөнүн белгилешти. Анын аркасы менен миллиондон ашык кыргызстандык азык-түлүккө ээ болгон.

Мындай долбоорлордун бири — башталгыч класстардын окуучуларын ысык-тамак менен камсыздоо долбоору. Бул долбоор өлкөнүн 800 мектебинде иштейт жана 400 миң окуучуну тамак менен камсыздайт.