Садыр Жапаров: Орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек

Сүрөт: Улан Асаналиев

27-ноябрда Конституциялык кеңешме орус тилинин расмий макамынан ажыратуу боюнча сунушту четке какты. Бул тууралуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Урмат Аманалиев билдирди.

Буга чейинки кеңешмеде кыргыз тилинде гана атайын макам калтырылып, орус тилин расмий макамдан ажыратуу тууралуу сунуштар айтылган. Коомдук ишмер Садирдин Төралиевдин айтымында, Конституцияга мамлекеттик жана улуттар аралык баарлашуу тили деп кыргызчаны гана жазуу керектигин билдирген болчу.

«Оруска көнүп калып, чыга албай жүрө берсек, менимче, болбойт. Муктаждык жаратышыбыз керек. Кыргыз тилин эле калтырып, калган тилдерди жакшы мыйзам кабыл алып жазышыбыз керек. Өнүктүрүү зарыл, жолтоо болбош керек», — деп билдирген Төралиев.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров фейсбук баракчасына орус тилинен расмий макамды алып салуу туура эмес деген пикирин жазган. Анын айтымында, орус тили улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат.

«Орус тили БУУнун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. Евразия өлкөлөрү менен болгон карым-катнашатарды орус тилисиз жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан ал расмий тил боюнча калышы керек», — деп билдирген Жапаров.

Мындан сырткары, Конституциялык кеңешменин 26-ноябрдагы жыйынында экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүү тууралуу сунуштар да айтылган. Кеңешменин мүчөсү Максат Чакиев муну көптөгөн өнүккөн өлкөлөр менен кызматташууга ыңгайлуу болоору менен түшүндүргөн. Ал эми Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Сыртбай Мусаев англис тилине макам берүүнү «абсурд» деп атаган.

Конституциялык кеңешме

17-ноябрда парламенттин 80 депутаты автор болду деген Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлган. Учурда аны 90 кишиден турган Конституциялык кеңешме карап жатат. Алардын арасында юристтер, юридика илимдеринин докторлору, коомдук активисттер бар. Бирок сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы пикир билдирип чыккандар дээрлик жок.

Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо менен катар өткөрүү сунушталууда.