Талас: Велосипед минген адамды сүзгөн облус башчысынын кеңешчиси үч жылга соттолду

Талас райондук соту 2020-жылдын июль айында велосипедчен адамды сүзүп кеткен облустун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиевге өкүм чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Шералиев «автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» жана «этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Талас райондук соту Шералиевди үч жылга эркинен ажыратып, 2 жылга автоуна башкарууга чектөө койду.

Марслатбек Шералиев велосипедистти сүзгөн учурда мас абалында болгон. Натыйжада велосипедчен адам өмүрү менен кош айтышкан.

Шералиев Улуттук коопсуздук кызматынын (учурдагы УКМКнын) запастагы подполковниги. 2017-жылы ал Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин кеңешчиси болуп дайындалган.

Окуядан кийин Мураталиевдин басма сөз катчысы Бакай Садыров Шералиев расмий түрдө кеңешчи эмес экенин, «коомдук башталыштагы» гана жардамчы экенин билдирген.

Башкы сүрөт: «Акипресс».

ТЕМА БОЮНЧА: Таластын жетекчисинин кеңешчиси мас абалда велосипедчен адамды сүздү — жабырлануучу ооруканадан көз жумду