Абу-Даби, Сауд Арабиясы, Германия жана Түркия Кыргызстандын тышкы карызын төлөө мөөнөтүн узартууга макул болду

Каржы министрлиги тышкы карыздарды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча Кыргызстандын кредиторлор менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу билдирди.

Париж клубунун шарты боюнча нөл пайыздык чен менен төлөө мөөнөтүн узартууга төрт өлкөнүн ичинен беш кредитор макул болду. Алар Абу-Даби [БАЭнин борбору], Сауд Арабиясы, Германия (мамлекеттик KfW банкы жана экспорттук кредиттерди камсыздандыруу багытында иштеген Euler Hermes камсыздандыруу компаниясы) жана Туркия.

«Калган беш кредитор менен, анын ичинде Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Корея, Жапония) менен карыз төлөө мөөнөтүн узартуу суммасына пайыздык коюмду колдонбоонун шарттары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп белгилерди министрликтен.

Тышкы карыз боюнча төлөмдөрдү 2020-жылдын соңуна чейин токтото турууга Кытай да макул болду — бул 35 млн доллар же 2,8 млрд сомду түзөт.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, бул макулдашууга кол коюлса карыз төлөө мөөнүт узартуунун суммасы 2022-жылдан 2024-жылга чейин (2021-жылга жеңилдик берилет), үч жылдын ичинде жылына эки жолудан төлөнөт», — деп түшүндүрүштү министрликтен.

Кытай менен тышкы карыз боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу жакында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков отчёт берген. Кыргызстандын Каржы министрлигине салыштырмалуу, Новиков тышкы карызды төлөө мөөнөтү узарса, кыргыз тарап канча зыян тарта турганын ачык айткан — сырткы карыздын үстөк пайызы 2,9 млрд сомду түзөт. Башкача айтканда, дээрлик өлкө 2020-жыл ичи төлөй албай турган сумма.

Бирок, Бишкек акыркы чечимди кабыл ала элек, Кытай менен сүйлөшүүлөр уланууда.