Бир видео менен: Интернет-троллинг деген эмне жана ал кандай уюштурулган?

Журналист Наргиза Асекова «Кыскасы» Youtube-каналында социалдык тармактардагы «интернет-троллинг» тууралуу түшүндүрмө жарыялады.

Бул видеодо фейк-аккаунттардын армиясын ким, эмне үчүн жана кантип колдонуп жатканы айтылган. Айрыкча журналист «Open Democracy» басылмасы жарыялаган иликтөөгө басым жасаган.

*Аталган иликтөөдө фейк-аккаунттардан социалдык тармактарда комментарий жазып жүргөн кишилердин интервьюлары жарыяланган. «Троллдор» журналисттерге алардын ар биринде 200дөй аккаунт бар экенин айтып, бир айлык маянасы 200 доллар түзгөнүн маалымдашкан.

Буга чейин бир нече басылманын журналисттери Матраимовдордун үй-бүлөсүн, экс-президент Сооронбай Жээнбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «актоого» аракет жасаган «троллдордун армиясын» аныктаган. Ал эми парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктан кийин Жээнбековдун жана «Мекеним Кыргызстан» партиясын жактаган «троллдор» премьер-министр Садыр Жапаровдун тарабына өткөн.