Ош шаардык кеңештин жыйынында китепканаларды жабуу маселеси көтөрүлдү

Сүрөт Ош шаардык мэриянын фейсбук баракчасынан алынды

Ош шаарынын шаардык кеңешинин депутаты Абдисаит Каримбеков 30-ноябрдагы жыйында калаадагы китепканаларды жоюп салууну сунуштады.

«Мамлекеттин акчасын жеп, элден топтоп алабыз, кайра эле ушундай туура эмес багытка кетип калган, калыптанып калган системалар бар. Ошону чечкиндүүлүк кылып жоюп салыш керек», — деди Каримбеков.

Мэр Таалайбек Сарыбашов шаардагы китепканалардын жоюлушуна каршы экендигин айтты. Ал окурмандарга кайрадан шарт түзүү керек деп эсептейт.

Каримбековдун китепканаларды жоюу сунушу социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, ача пикирлерди жараткан. Интернет колдонуучулар «Осол ойлорду кайдан таап аласыңар? Өскүсү келген эл китеп менен дос болот. Китеп окуңуз», «Китепкананы жойгуча, кат сабатын жойсун!», «Бул кишини жакындан тааныйм. Китеп көп окуйт. Оюн терең түшүндүрө албай калган го» деген пикирлерди калтырышкан.

Кийинчерек Каримбеков «Ынтымак» телеканалына курган маегинде китепканалар заман талабына ылайык өнүкпөй жаткандыктан аларды жабууну демилге кылганын айткан.

«Аларга мамлекеттик бюджеттен да, шаардык бюджеттен да каражат бөлүнөт, бирок өнүгүү жок. Азыркы райондук, шаардык китепканаларга кирип көргөм, ал жакта эски багыттагы китептер, гезиттер бар, аларды эч ким окубайт. Эң мыкты жана пайдалуу китептер китепканаларда эмес, башка жакта сатыкта турат», — деген Каримбеков.

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 27-январда үстүбүздөгү жылдын бюджетин кабыл алышкан. Бюджетти көлөмү 1 325 613 000 сомду түзгөн. Анын 29,7% билим берүү тармагына жумшалары айтылган.

Ошондой эле, мэр Сарыбашев март айынын аягында коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам шаардын бюджети азайып кеткенин билдирген. Буга карантинден улам ишкерлердин жумушу токтоп, салык төлөмдөрдүн кескин кыскарып кеткени себеп болгон.

Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, тогуз айда жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 87,6% пайызга аткарылды. Маалыматка ылайык, 102 млн сомго аз аткарылган.