Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен жолуккан соң талапкерлигин алмай болду

Президенттик шайлоого аттанып жаткан экс-депутат Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин талапкерлигин алууну чечкенин түз эфирде билдирди.

Ал 30-ноябрда эртең менен Садыр Жапаровдун резиденциядагы үйүндө чай ичүү форматында жолукканын айтты. Бул жолугушуу Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен болгонун Шер-Нияз кошумчалады.

«Мен буга чейин саясатчы эмесмин деп тамашалап айткам. Бул жолгушуудан кийин өзүмдүн талапкерлигимди алып салууну чечтим. Көп нерселерди кийин Садыр Жапаров менен биргелешип иш алып барууга болоруна көзүм жетти», — деди ал.

Шер-Нияз негизинен беш маселе боюнча пикир алышуу болгонун айтты. Анын ичинде билим берүү жана маданият тармагы боюнча пикирлери 100 пайыз дал келерин билдирди. Ал эми парламентаризм жана президенттик башкаруу, элдик курултай институту боюнча ар башка ойдо экенин да кошумчалады. Андан сырткары сот системасы боюнча да сүйлөшүп, бул боюнча да пикирлери айрым нерселер боюнча дал келерин белгиледи.

Шер-Нияз жалпысынан жолугушууну «ийгиликтүү өттү» деп сыпаттап, 20 күнгө созулган саясатка болгон сапары ушуну менен жыйынтыкталганын айтты. Мындан ары ал коомдук, маданий иштер менен алектенүүсүн улантат.

Садык Шер-Нияз президенттикке талапкерлигин коюп жатып «Өлкө коркунуч абалда болгондо мен четте туруп, “мага тиешеси жок” деп карап тура албадым. Ооба, мен күрөшөм» деп билдирүү жасаган болчу.

Ал эми Жапаров демилгелеген конституциялык реформаны кескин сынга алып, депутаттар сунуштаган Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынып калса өлкө «тоталитаризмге карай жол алат» деп сыпаттаган.

Анткен менен премьер-министрдин ыйгарым укуктарын президентке өткөрүүнү Жапаров өзү сунуштаганын буга чейин тастыктаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Алгач 63 талапкер президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген болчу. Азыр президент болом дегендердин саны 47ни түзөт.