УКМК Матраимовдун иши боюнча тергөөнү аяктай элек

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы бажыдагы коррупция тууралуу иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканын билдирди. Аталган иштин башкы фигуранты — Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов.

Ошондой эле УКМК Матраимов жана бул ишке тиешеси бар делген бажы тармагынын айрым кызматкерлери мамлекетке келтирген чыгымдарын төлөп жатышат деп ишендирүүдө.

Атайын кызматтын маалыматында, тергөө азыркы жана мурдагы бажы кызматкерлеринен турган топ бажы посттору аркылуу жүк ташыган ишкерлерди калкалап, акысына сый-пул алып тургандыгынын далилин издөөнү улантууда.

УКМК тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу, «анын ичинде келтирилген зыян боюнча жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар тарабынан ордун толтуруп бериши жөнүндө» айтып берерин убадалады.

Мурда тергөө Матраимовдордун мамлекетке келтирген чыгымын 2 млрд сом деп баалаган. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, ал атайын эсепке 500 млн сомдон ашык каражат которгон.

Матраимовду кармоо

Райымбек Матраимов — бажы башчысынын мурдагы орун басары жана «Клооп», «Азаттык», OCCRPнин Кыргызстандан 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кетүү тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөөнүн фигуранты.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Садыр Жапаров 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында, ал убакта Жапаров мамлекет башчысынын милдетин аткарып турган, Матраимовду бошотуп жатканда саясий чечим кабыл алганын түшүндүргөн.

Анын айтымында, ал чечим чыгарууда дүйнөлүк тажрыйбага таянып, эгер Матраимов акчанын бир бөлүгүн кайтарып берсе, анда ал мамлекетке пайда келтирген болот деп ойлогон.

«Матраимовдун иши сотко өткөн жок. Ал уурдаган ачаны мамлекеттин бюджетине кайтарып берсин деп, мен саясий чечим кабыл алдым. 30 жыл ичинде көптөрдү камадык, бирөөсү дагы өлкөгө уурдаганын кайтарып берген жок. Мисалы, Атамбаевдин канчалаган адамдары камакка алынды, бирөөсү акчаны ордуна койдубу? Камакка алуудан өлкөгө пайда келбейт, акчаларды артка кайтаруу керек. Бул дүйнөлүк практикада дагы бар», — деп айткан Жапаров.

Ал УКМК кызматкерлери экс-бажычыны камакка алууга даяр болуп калганын, бирок үзөңгүлөшү, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүүлөрдөн кийин чечим кабыл алганын белгилеген.

«Ошондо мен саясий чечим кабыл алып УКМКнын башчысынын сурандым, “муну камап койгон менен эмне пайда” дедик. Бизде 6-7 саат ошондой жыйын өттү. Өзү дагы [Райымбек Матраимов] ачыгын айтты, “мени камап койгон менен эч нерсе келбейт, андан көрө мамлекеттен алганымды, же болбосо мыйзамсыз байыган мүлктөрдүн, акчанын барын Кыргызстанга кайра алып келип киргизип берейин” деп сурангандан кийин ушундай саясий чечим кабыл алдык», — деген Жапаров.

Журналистти иликтөө

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.