Улуттук банк IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арнап коллекциялык тыйындарды чыгарды

Улуттук банк 2020-жылдын 1-декабрында номиналы 1 жана 10 сомдук «Кыргыз күрөш» коллекциялык жез-никель жана күмүш монеталарды жүгүртүүгө чыгарып жатканын кабарлады. Коллекциялык монеталар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып, этникалык спорт түрлөрүн жандандыру жана жайылтуу максатында чыгарылган.

*Кыргыз күрөш — кыргыз элинин улуттук спорт оюндарынын байыркы түрлөрүнүн бирине кирет, мында беттешкен эки тарап атаандашын эки кол менен курунан кармап күрөшөт.

Жаңы монеталардын артыкчылыктуу өзгөчөлүгү болуп алардын формасы эсептелет — алар төрт буручтуу.

Монеталардын жалпы тиражы 6 миң даананы түздү.

Номиналы 10 сомдук күмүш тыйынды Улуттук банктан 2 965 сомго сатып алса болот. Ал эми номиналы 1 сомду түзгөн жез-никель монетасынын баасы 620 сом.

Монеталарын бетине кандай белгилер түшүрүлгөн?

Тыйындын алдыңкы бетинде көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар тартылган. Тыйындын жогорку жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби жана «Кыргыз күрөш / Kyrgyz kurosh» жазуусу түшүрүлгөн. Мындан тышкары, монетанын номиналы, темирдин сапат белгиси жана салмагы көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетине Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген түрдүү улуттук оюндардын стилдештирилген сүрөтү, күн системасын элестеткен эшилме сымал оюу тартылган. Оюунун ортосунда балбандар жайгашкан.

Монетанын оң тарабына Кыргызстандын герби жана тыйындын чыгарылган жылы түшүрүлгөн. Тыйындын сол жагына «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World nomad games» деп жазылган.

«Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Ар бир жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган. Бардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ», — деп белгилешти Улуттук банктан.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну үстүбүздөгү жылдын күз айларында Түркияда өтмөк, бирок ал коронавирустун пандемияынан улам 2021-жылга жылдырылган.