Канчалык кааласак дагы 10-январда референдум өткөрө албайбыз — БШКнын мүчөсү

Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум кандай мөөнөттө өтөрүн 24.kg басылмасына курган маегинде айтып берди.

Осмоналиев мыйзам боюнча референдум добуш берүү өтө турчу күндөн бир ай мурда дайындаларын эске салды. Анын айтымында, эгер референдум 2021-жылдын 10-январына пландалса, анда анын күнүн 10-декабрга чейин белгилеш керек.

Ошол эле учурда референдумду жаңы Конституция боюнча өткөрүү пландалып жатканына байланыштуу Конституциялык палата долбоор боюнча өз корутундусун бериши керек, ал эми бул эки айга жакын убакытты алышы мүмкүн.

«10-январда канчалык кааласак дагы баары бир референдум өткөрө албайбыз деп ойлойм», — деди Осмоналиев.

Конституциялык палата парламенттик шайлоону 2021-жылга жылдыруу тууралуу мыйзам долбоору жана конституциялык реформа өткөрүү боюнча өз корутундусун 2-декабрда чыгарары күтүлүүдө. Конституциялык палата Конституциянын жаңы долбоору боюнча корутундусун качан чыгарары азырынча белгисиз.

Конституциянын жаңы долбоору жапырт сынга алынгандан кийин бул реформаны сүрөмөлөп жаткан президенттикке талапкер Садыр Жапаров 7-каналга курган маегинде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду жылдырууга каршы эместигин билдирген.

Ошол эле учурда Жапаров 2021-жылдын 10-январда референдумга эки маселени алып чыгууну сунуштаган: Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо. Анын айтымында, бул маселе Конституциянын жаңы долбоорун шашылыш талкуулону талап кылбайт.

Учурда коомдук талкууда болуп жаткан жаңы долбоордун вариантын Конституциялык кеңешменин 89 мүчөсү карап жатат.

Кыргызстандагы конституциялык реформа

Парламенттик шайлоону 2021-жылга жылдыруу жана конституциялык реформа өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору бир күндө парламент тарабынан кабыл алынып, президенттикке талапкер, ошондо президенттин м.а. жана премьер-министр болуп турган Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган.

Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга 17-ноябрь күнү кечинде чыгарылган. Долбоор дароо коомчулуктун, депутаттардын жана юристтердин кескин сынына алына баштаган.

Юристтер Конституциянын жаңы долбоорунда бийлик президент тарабынан узурпацияга алына турган олуттуу коркунучтар бар экенин билдиришкен. Себеп дегенде мамлекет башчысынын колуна аткаруу, сот жана мыйзам чыгаруу бийликтери өтүп кетмек.

Мындан тышкары, юристтердин айтымында, жаңы Конституция президенттин ыйгарымдарын гана кеңейтпестен, аны чектеп турган теңдештик менен тыюуларды жок кылат. Ошондой эле, алар Баш мыйзамдын жаңы версиясында өлкөдө болуп жаткандарга президенттин жеке жоопкерчилиги каралбаганын, ал эми ага импичмент жарыялоо дээрлик мүмкүн эмес экенин белгилешкен.