Кара-Балтанын жаңы мэри болуп «Мекеним Кыргызстандын» шаардык кеңештеги депутаты шайланды

Кара-Балта шаарынын мэри алмашты — ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шаардык кеңештеги депутаты Данияр Шакирбаев. Буга чейин Кара-Балта мэриясын тогуз жыл жетектеген Данияр Шабданов шаардык кеңештин депутаттары тарабынан кысымга кабылганын айтып келген.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, мэрлик кызматка үч адамдын талапкерлиги коюлган: Бакыт Раманкулов, Таалайбек Сүйүмбаев [4-октябрдагы шайлоодо «Биримдиктин» катарында катышкан] жана Шакирбаев. Жыйынтыгында, Шакирбаев үчүн 31 шаардык депутаттын ичинен 18и добуш берген, ал эми калган 13 депутат добушун Сүйүмбаевге берген.

37 жаштагы Кара-Балтанын жаңы мэри милиция мектебин аяктаган, андан соң юрист кесибине ээ болгон. 2018-жылы шаардык кеңешке келгенге чейин Шакирбаев ишкерлик менен алектенген, ал эми 2005-2007-жылдары ИИМде кызмат өтөгөн.

Калаанын мурдагы мэри Шабданов шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен 7-октябрда кызматынан алынган. АКИпресс маалымдагандай, алар анын жасаган ишине ыраазы болушкан эмес — Шабданов «оор учурда», шаардын бюджети кабыл алына электе мэрияда жок болгон. Ошондо премьер-министр жана президенттин м.а. болуп турган Садыр Жапаров Шабдановдун отставкасы тууралуу токтомго 29-октябрда кол койгон.

БШКнын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев 10-ноябрда Шабданов алгач шаардык кеңештин чечимин мыйзамсыз деп баалап, сотко даттанганын билдирген. Бирок 3-ноябрда арызын артка чакыртып алган.

Кара-Балта мэринин кабинетин басып алуу

Данияр Шабданов 7-октябрда шаардын тургундарына видео кайрылуу жарыялап, анда эмнеге кетип жатканы тууралуу айтып берген. Ал ошол күнү «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын талапкерлери баштаган топ анын кабинетин басып алганын билдирген.

Анын айтымында, «жаш жигиттерди» шаардык кеңештин депутаттары, ушул учурда мэрлик кызматка талапкер болгон Таалай Сүйүмбаев жана Болот Исмаиловдор баштап келген.

«Алар шайлоо бүткөндөн кийин [мэрлик] ордумду алып кетерин айтып эки ай бою эскертишкен. Мен бул орунга жармашкан жокмун, эгер мыйзамдуу жол менен алышса [кетем]», — деген Шабданов.

Мэрдин кабинетинин кулпусун бузуп киргенин, алар Шабдановдун кызматтан алынгандыгы тууралуу Чүй облусунун Жайыл районунун акиминин чечимин негизинде деп айтышууда. Экс-мэр бул иш-аракеттерди мыйзамсыз деп атап, мындай чечимди бир гана премьер-министр кабыл ала аларын баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал мэриянын кызматкерлери андан мэрияга келбөөнү суранышканын, анткени «ачууланган» 20-30 киши эгер ал имаратта пайда болсо аны «УКТ боюнча сындырам» деп коркутуп жатышканын айткан. Ошондуктан, Шабданов райондун күч органдарына кайрылып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздоону, ошондой эле кабинетти бошотуп берүүнү суранган.

Экс-мэр Кара-Балта мэриясында башаламандыктар 6-октябрда эле башталганын айтат. Жарым күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин анын кан басымы жогорулап, шашылыш ооруканага жеткирилген. Шабдановдун айтымында, кабинетин басып алган учурда ден соолугуна байланыштуу эки-үч күнгө тыныгуу алган болчу.

Анын кайрылуусунун соңунда видеодон бир топ кишилер жана шаардык кеңештин депутаттары кабинетине кирип баратканын көрсө болот. Бекназар аттуу адам менен бир депутат айымдын ортосунда кайым айтыш башталат: депутат эч нерсеге жолобоону талап кылса, кирип келген киши «аялдардын» кабинеттен чыгуусун талап кылып, «эми жаштар башкарат» деп билдирген.

Бул Кыргызстандагы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин мэрдин ордун басып алууга аракет кылган жалгыз учур эмес. Саясий кризис күч алган учурда, бир катар шаарларда — Бишкек, Ош, Каракол — калаа башчынын ордун ар кайсы саясатчылар басып алышкан. Мисалы, борбор калаада Азиз Суракматов «аралыктан иштеген» эки күн ичинде бир канча мэр алмашкан.