Кинотеатр, фудкорт жана компьютердик клубдар кандай тартипте иштеши керек?

1-декабрдан тартып Кыргызстанда кинотеатр, фудкорттор жана компьютердик клубдар иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева басма сөз жыйында билдирди. Анын айтымында, аталган жайлардын жетекчилери жана администраторлору олуттуу санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууга тийиш.

  • Босого алдына чыпка жана кол тазалоочу жайды (санитайзер, дезинфекциялоочу кол аарчылар) камдоо;
  • Күн сайын нымдуу тазалоо;
  • Кызматкерлер менен меймандар үчүн беткап режимин киргизүү;

Кинотеатр жана компьютердик клубдарга:

  • Кызматкерлер менен кардарларга беткап режимин киргизүү;
  • Кардарларды шахмат иретинде отургузуу;
  • Кардарлар орундуктардын 50% гана ээлеши керек.

Коомдук тамактануу жана көңүл ачуучу жайларга:

  • Отургучтар жалпы залдын 50%нан ашпашы керек.

Чыныбаева массалык иш-чараларды өткөрүүгө дагы деле тыюу салынганын баса белгиледи.

«Биздин жеке ишкерлер, соода объектилеринин ээлери, базар жана дүкөндөрдүн кожоюндарына эскертүү, эгерде алар ээлик кылган жайлардан ооруу жугузуу булагы же санитардык талаптар аткарылбагандыгы аныкталса, айыптар салынып, иштөөгө убактылуу чектөө коюлат», — деп белгиледи вице-мэр.

Бийлик өлкөдөгү коронавирус пандемиясынан улам чектөөлөрдү киргизген. 1-декабрга карата оору жугузгандардын жалпы саны 73 178 учурга жетип, 1275 адам оорудан көз жумган.

Өлкөдө айрым мамлекеттик мектептер, бала бакчалар жана башка окуу жайлары бугүнкү күнгө чейин жабык турат. Мындай чечим жаш балдарды COVID-19 илдетин жуктуруудан оолак кармоо үчүн кабыл алынган.

Анткен менен бийлик айрым башка ишкердик чөйрөлөргө коюлган чектөөлөрдү акырындык менен алууда. Кыргызстанда ресторан, кафе жана соода борборлору кадимки тартипте иштей баштады. Ал жактарда күн сайын адамдардын массалык топтолуп жүргөнүн көрүүгө болот.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 1-декабрдагы басма сөз жыйында көңүл ачуучу жайларга караганда мектептерде коронавирус жайылуу коркунучу жогору экенин айткан.

«Мен мектептер менен бала бакчаларды ачуудан коркуп турам. Биздин мектептер 70 миң окуучуга ылайыкташкан, ал эми окуучулардын саны 170 миңге жетет. Бир класста 50-55 окуучу отурат. Ал эми балдар ооруканасында 40тан ашпаган орун бар. Анан кантип мектепти ачам? Ооба, социалдык тармактарда нааразы болгондор көп. Эмне себептен мектептерди ачпай, фудкорттор менен балдар үчүн оюн-зоок аянттарды ачтыңар деп сурап жатышат. Бирок ал жерде жагдай башка: балдар аз, аянт көп. Муну бир класстагы 50 окучу менен салыштырууга болбойт», — деди Түлөбаев.