Өлкөдө коронавирустун жаңы 371 учуру катталып, 562 киши оорудан айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 1-декабрда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 371 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 10 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Чүй облусу — 126 (эки медкызматкер);

Жалал-Абад облусу — 86 (үч медкызматкер);

Бишкек шаары — 69 (үч медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 36 (бир медкызматкер);

Баткен облусу — 26;

Ош облусу — 11;

Талас облусу — 11 (бир медкызматкер);

Ош шаары — 11;

Нарын облусу — 3.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 562 бейтап айыкты — алардын арасында тогуз медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 114, Жалал-Абад облусунда — 109, Чүй облусунда — 99, Баткен облусунда — 68, Ысык-Көл облусунда — 50, Ош облусунда — 48, Талас облусунда — 47, Ош шаарында — 16 жана Нарын облусунда — 11 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары ооруну жуктурган төрт киши көз жумду — алардын экөө Ош облусунда, бирден бейтап Чүй жана Талас облустарында катталды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 73 178ге жетти. Анын ичинен 64 711 бейтап айыгып, 1 275 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 636 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 124 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 765 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.