Жалал-Абад: Психикалык ден соолук борборунун бейтаптары бир жыл сейилдөөгө чыгышкан эмес

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбору

Жалал-Абад облустук психикалык ден соолук борборунун бейтаптары бир жыл бою сейилдөөгө чыгарылган эмес. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун региондогу өкүлү Алишер Эрматов «24.kg» басылмасына билдирди.

Анын айтымында, журналда борбордун бейтаптары акыркы жолу сейилдөөгө 2019-жылдын 19-декабрында чыкканы көрсөтүлгөн. Ал эми мыйзамга ылайык, алар сейилдөөгө бир күндө эки жолу чыгышы керек.

«Бейтаптар бул жылы бир да жолу сейилдөөгө чыгышкан эмес, муну алар өздөрү тастыкташты. Далил катары сейилдөөчү короодогу байкоочу камерага тартылган тасма бар. Мындан сырткары, текшерүү учурунда психикалык борбордогу кээ бир дарылардын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткени да аныкталды», — деди ал.

Эрматов бул окуяга тиешелүү материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурага жөнөтүлгөнүн коушмчалады.