Ат-Башыда аялга жыныстык катнаш сунуштаган киши жаза өтөөдөн бошотулду

Нарын шаардык соту Ат-Башы районунун тургунун «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого» күнөөлүү деп тапты. Айыпталуучу аялга талашка түшкөн жер тууралуу көрсөтмө берүү үчүн сексуалдык жактан «ыраазы» кылып берүүнү талап кылган. Өкүм 12-ноябрда чыккан.

Эмне болгон?

Жабырлануучу аял күйөөсү менен 2017-жылы айыпталуучудан жер тилке сатып алып, көп өтпөй ажырашып кеткен. Мындан улам мурдагы жубайлардын ортосунда жер талашка түшкөн.

Аял мурдагы күйөөсүнөн үч баланы багуу үчүн жердин жарым акчасын кайтарып берүүнү талап кылган. Бирок кишинин ата-энеси «эч кандай акча бере албайбыз, эч кандай акча берген эмессиң» деп акча берүүдөн баш тартышкан.

Мындан улам аял апасы менен бирге 9-августта жердин мурдагы ээсине — айыпталуучуга кайрылып, «жер тилке жубайлар бирге чогулткан акчасына алынган» деп, тил кат жазып берүүнү суранган.

Ал эми жердин мурдагы ээси аялдан телефон номурун алып, 10-11-августтарда чалып, тил каттын ордуна секс кылууга чакырган.

«Сураган жер тууралуу көрсөтмөмдү жазып берейин, мени менен бир күн койнумда жатып, ыраазы кылсаң анан жазып берем [...] Сен алдап кеттиң Ат-Башыга кел, экөбүз Ат-Башынын токоюна барып, эки күн кучакташып жатып, ыраазы кылсаң, жер тууралуу көрсөтмө берем», — деген айыпталуучу.

Аял бул сүйлөшүүлөрдүн аудио жазууларын алгач өзүнүн туугандарына көрсөтүп, кийинчерээк милицияга кайрылган.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөнү мойнуна алып, мас абалда болгонунан улам «ошондой сөздөрдү кызуулук менен билбей сүйлөй бергендигин» айтып, кечирим сураган.

Сот аны күнөлүү деп таап, эки жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Ошол эле учурда айыпталуучуга бир жылдык пробациялык көзөмөл колдонулуп, ал жаза өтөөдөн бошотулган.