Мамажакыпов: Чоң-Алайда 4-октябрдагы шайлоодо админресурс колдонулган эмес

Мамажакыпов

Ош облусунун Чоң-Алай районуна жаңы дайындалган аким Өскөнбай Мамажакыпов «Клоопко» маек курду. Анда ал бюджеттин тартыш болгонуна, аймактагы көйгөйлөргө жана шайлоодо админресурсту колдонуу маселесине токтолду.

«Көйгөйлөрдү толук билем, буюрса чечилет»

Мен өзүм Чоң-Алай районунун тургуну болгондуктан аймактагы бардык көйгөйлөрдү толук билем. Бул жердеги чоң көйгөйлөрдөн айтсак, Кашка-Суу жана Ачык-Суу айылдарындагы жана башка орто мектептерде көйгөйлөр бар. Буюрса чечилет.


Кашка-Суу айылындагы мектеп тендер бүткөндө иш жүрүп баштаган, буюрса бүткөрүүнүн үстүндө иш алып барабыз. Дагы Чоң-Шибе мектеби, «Жекенди» каналындагы иштер жүрүп жатат. Быйыл пандемияга байланыштуу ушундай солгундап жүрдү.


Ошондой эле буга чейин 8 бала бакча курлушу башталган. Анын ичинен экөө толук бүткөн, дагы биринин курулуш иштери 98% бүткөн. Калган беш бала бакчанын курулуш иштери пандемиядан улам акча каржатынын жоктугуна байланыштуу токтоп турат. Анан Кашка-Суунун мектеби да ошондой.

«Бюджет тартыш»


Райондун бюджети негизинен жок. Азыр жергиликтүү айыл өкмөттөрдө гана өздөрүнүн бюджеттери бар. Буга чейин «Кайди» алтын казуучу компаниясы жергиликтүү бюджеттерге салык төлөчү, быйыл пандемияга байланыштуу иштебей калгандыктан бюджет тартыш.


Ал экономикага көп таасирин берет. Өзүм салык тармагында иштегендиктен мисалы 2019-жылы 98 млн сом салык төккөн. Бул жалпы республикалык бюджетке которулат негизинен. Бирок быйыл пандемия болсо дагы былтыркы даярдалган концентраттарын чыгарып кетүү менен 65 млн салык түштү.

«Мурдагы аким таза иштеген»

Биз мурдагы аким Жумадилла Жапаров менен чогуу иштедик. Мен салык кызматын жетектеп турганда ал киши аким болуп турду. Эми мен анын мыйзамсыз иштерин көргөн жокмун. Таза иштегенин эл билет деп ойлойм жана мен ишенем.

Мен өзүмдүн жаңы келгениме мына бир жуманын жүзү болду, мамкызматкерлер тарабынан мыйзам бузуу, тургундарга карата орой мамиле жасоо каттала элек. Биз кызматкерлер элге кызмат көрсөтүп, убагында алардын көйгөйлөрүн чечип беришибиз керек. Анан кайрылып келген тургундарга сылык мамиле жасашыбыз керек.

Эгер мыйзам бузуу, тургундарга орой мамиле кылуукатталса ар бирине мыйзамдуу түрдө чара көрүлөт. Жумуштан алууга чейин барабыз.

«Шайлоодо мурдатан админресурс колдонулган эмес»


Ал эми шайлоо жөнүндө айтып кетсем мурдатан бери административдик ресурс колдонулган эмес. Буга чейинки 4-октябрдагы шайлоодо да биздин райондо форма №2 да колдонулган жок. Адамдарды ташып алып келип, башка жерге каттоо болгон жок бизде.


Алдыдагы президенттик шайлоодо да админресурс таптакыр колдонулбайт. Толук ишендирип кетем.

Октябрдагы толкундоолор

5-октябрда Бишкектин борбордук аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандардын массалык нааразычылыгы башталган. Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан.

Нааразычылыктар митингине чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилердин башкы талабы — парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу. Кагылышуулардын натыйжасында жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жарааттарынан улам бир көзүнөн, колу-бутунан айрылгандар да бар.

                                                                                                                                                                          Редактору: Айбике Адилет кызы