Бишкек шаардык кеңеши Тыныбековага Түлеевден конфискацияланган батирди берүүнү чечти

Бишкек шаардык кеңеши 2-декабрда өткөн отурумда спортчу Айсулуу Тыныбековага акысыз батир берүү чечимин кабыл алды. Шаардык кеңештин депутаттары аталган демилгени бир добуштан колдошту. Тыныбекова Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевден конфискацияланган Москва көчөсүндөгү үч бөлмөлүү батирге ээ болду.

Чемпионго батирдин ачкычы 2019-жылы президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан, ошол жылдагы Дүйнө чемпионатындагы жеңиши үчүн тапшырылган. Бирок көп өтпөй Москва көчөсүндөгү батир Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин мүлкү конфискациялангандан кийин шаардын менчигине өтүп кеткени белгилүү болгон.

Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунга ээ болуп, 2020-жылы өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Бирок COVID-19 пандемиясынан улам Олимпиада 2021-жылдын жаз айларына жылдырылган.

Ал күрөш боюнча дүйнө чемпиону наамын алган Кыргызстандан чыккан биринчи адам боло алган. Тыныбекова — күрөштүн эркин стилиндеги балбаны жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ал буга чейин Олимпиада оюндарына эки жолу катышып, бирок медал ала албай калган.

Батирди Тыныбековага өткөрүп берүү маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. Бишкек шаардык кеңешинин 10-июндагы отурумунда мамлекет тарабынан күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага берилген батирлердин саны тууралуу талаш чыккан.

Анда муниципалдык мүлк башкармалыгынын (ММБ) башчысы Нурбек Тынаев спортчуга президент тартуулаган батирди Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-февралында чыккан токтомунун алкагында каттатып берүүнү сунуштаган болчу.

Токтомдун алкагында муниципалитеттен кайтарымсыз негизде турак жай алуу укугу Олимпиада оюндарынын чемипиондоруна жана Олимпиада оюндарынын программасына кирген спорт түрлөрүнүн дүйнө чемпиондоруна берилет.

Депутат Гүлнара Молдобаева чын эле ушул батир тууралуу сөз болуп жатканын жана Тыныбекова турак жайга канчалык муктаж экенин тактоону сураган.

ММБнын башчысы Тыныбековага президент Сооронбай Жээнбеков ага сертификат менен кошо ачкычты тапшырган батир тууралуу сөз болуп жатканын айткан. Анткен менен президенттин расмий токтому болгон эмес, ошондуктан алар Тыныбековага батирди Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун негизинде мыйзамдаштырып берүүнү сунуштаган.

Спортчу Тыныбекованын машыктыруучусу жана расмий өкүлү Нурбек Изабеков балбанга 2017-жылы ал Дүйнө Чемпионатында коло медалды утуп алганда эле батир берилиши керек болгонун, бирок аны спортчуга ал 2019-жылы алтын утуп алганда гана берилгенин айткан.