Орусия Кыргызстанды туруктуулукка багыт алышын колдойт — Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2-декабрдагы сессиясында Кремль Кыргызстандагы саясий абалга көз салып келгенин билдирди.

«Биз Кыргызстандын ички саясий турмушуна тынчсыздануу менен көз салып турдук десем жалпылап айткан болом. Өлкөдө кырдаал турукташып жатканы канааттандырат. Бизге ошондой эле сиздердин эл аралык келишимдердеги милдеттенмелерди аткарышыңар да маанилүү», – деди ал.

Путин Кыргызстандын президентинин м.а Талант Мамытовго кайрылып жатып Кыргызстан ЕАЭБдин да, ЖККУнун алкагында да позициясын өзгөртпөй келе жатканын белгиледи. Анын пикиринде, «бул Кыргызстандын өзүнүн туруктуулугу үчүн да орчундуу».

Путин Орусия кыргыз экономикасын жана социалдык тармагын колдоого алып жатканын баса белгилеп, биргелешкен аракеттер мындан ары дагы уланарына үмүт артып турганын билдирди.

«Албетте, ички туруктуулук болбосо, оң жыйынтыктарга жетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, биз бийликтин өкүлчүлүк органынын жана президенттик шайлоолор Конституциянын, шайлоо мыйзамдарынын чегинде, жогорку деңгээлде өтөрүнө кызыкчылыгыбыз бар», — деди Орусиянын президенти.

Ал Мамытовго ийгилик каалап, Орусия Кыргызстанды «мындан аркы турукташуусуна карай жолдо жана жогоруда аталган багыттардын бардыгы боюнча» колдоосун улантаарын белгиледи.

Өз кезегинде президенттин м.а Талант Мамытов «бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан ЖККУнун алкагындагы өз милдеттенмелерин татыктуу аткарып жатканын» белгиледи.

Ошондой эле Мамытов Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды турукташтыруу жөнүндө да кеп салды.

«Бүгүнкү күндө биз үчүн баарынан маанилүүсү 2020-жылдын 4-октябрында өлкөдөгү парламенттик шайлоодо кетирилген кемчиликтерди жоюп, элдин талаптарын ишке ашырууга карата багыт алуу болуп саналат. Азыркы учурда Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал калыбына келди», — деди Мамытов.

Анын айтымында, Кыргызстан буга чейин алган эл аралык милдеттерин жана макулдашылган эл аралык келишимдин шарттарын аткарууну улантат. Ошондой эле, мамлекеттик бийлик органдары штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалады.

Талант Мамытов 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтөрүн белгилеп, бийлик органдары шайлоону адилеттүү жана атаандаштык негизде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирди.

Ал ЖККУнун мүчөлөрүнүн президенттерин 5-6-октябрдагы окуялар учурундагы позициялары үчүн жана өлкө үчүн оор мезгилде колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Мамытов Орусия Федерациясынын Кавказда гана эмес, башка татаал региондордогу кырдаалды турукташтыруудагы өзгөчө ролун баса белгиледи.

«Жалпысынан, Россия Федерациясынын төрагалыгы жана эң башкысы 2020-жылдагы иш-аракеттери ЖККУну көп жагынан бекемдеп, аны өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун аныктады деп эсептейм», — деди Мамытов.

Президенттин м.а үстүбүздөгү 2020-жыл Уюмга мүчө-өлкөлөр үчүн өзгөчө жыл экенин, себеп дегенде бул жылга «элдердин башын бириктирип, алдыга карай жол көрсөткөн» Экинчи дүйнөлүк согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы туура келгенин баса белгиледи.

«Ошол коркунучтуу согушта адамдык жана материалдык ири жоготууларга учураган биздин элдерибиз бүгүнкү күндө достуктун, өз ара жардамдашуунун жана биримдиктин баркын билишет. Жалпы тарых, бийик союздаштык дух жана өз ара колдоо Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун негизги бириктирүүчү бөлүктөрү болуп саналат», — деди Мамытов.

Жапаров жана Путин менен сүйлөшүүлөр

Бул Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу катары катышкан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин биринчи жыйыны.

Мамытовго чейин президенттин милдетин Садыр Жапаров аткарган. Жапаров 13-ноябрда Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышкан. Бул анын президенттин милдетин аткаруучу катары алгачкы расмий сүйлөшүүсү болгон. Буга чейин Жапаров менен Путин 10-ноябрдагы ШКУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын жыйынында көрүшүшкөн.

Анда премьер-министр Путинден аны менен телефон аркылуу «кызматташуу боюнча бир катар актуалдуу маселелерди» талкуулоону суранган. Атап айтканда, Жапаровдун ШКУнун саммитиндеги сөзүнүн күн тартиби да Орусиянын президенти менен сүйлөшүү учурундагыдай эле болгон.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин 15-октябрда Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Кыргызстандагы окуяларга «ыкылас коюп» көз салып турарын билдирген.

Ал Орусиянын бийлиги Кыргызстандагы кырдаал «тезирээк тынчтанышын» жана андан ары мыйзамдуу нукта өнүгүшүн кааларын белгилеген.