Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков манасчылар менен жолукту

Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков 3-декабрда өлкөнүн манасчылары менен жолугушту. Манасчылар чыгармачылыкта туш болгон маселелер жөнүндө айтып беришти, алар өзгөчө маданий мекемелерде манасчы штаттык бирдигинин жана «манасчы» макамынын жоктугуна даттанышты.

Новиков бийлик бул маселелерди чечүү үчүн болгон аракетин жумшарын билдирди. Анын айтымында, өкмөт «Манас» эпосун колдоо жана жайылтуу боюнча беш жылдык улуттук программасын иштеп чыгуунун үстүндө иш алып барууда.

«Дүйнөдө архитектуралык, тарыхый, археологиялык баалуулуктар менен байыркылыгын далилдеген ар кандай маданияттар бар. “Манас” эпосунун уникалдуулугу — теңдеши жок жана дүйнөлүк маданиятта өзгөчө орунду ээлеген улуу мурас. Ал баштагыдай калыбында жашай берет. Бул муундарды тарбиялаган билим сандыгы. Эпос өлкөбүз үчүн оор мезгилде, мисалы, пандемия учурунда бардыгыбызды бириктире алат», — деди ал.

Новиков борбордук аянтта 14 саат токтобой «Манас» айткан Дөөлөт Сыдыковдун жетишкендиктерин баса белгиледи.

«Бул Гиннесстин рекорддор китебине киргизилет деп үмүттөнөм, аны менен бул өнөрдүн уникалдуулугу дагы бир жолу баса белгиленет»», — деди Новиков

«Манас» — эң көлөмдүү кыргыз эпосу. Ал ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннесс китебине кирген. Ал Манастын жана анын урпактарынын баатырдыгы жана жашоосу тууралуу айтып берет. Эпостун өзү 500 миңден ашуун саптан турат.

«Манас» эпосунун күнү Кыргызстанда жыл сайын 4-декабрда белгиленет.

Буга чейин маданият жана туризм министрлиги 2020-жылы «Манас» эпосунун күнү алгачкы жолу Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук тарыхый комплексинде өтүп, манасчылар бир сутка Манас айтат деп билдирген.

«Азем Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00 токтотулат. [...] Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай, ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт», — деп билдиришти ведомстводон.