УЕФА Чемпиондор лигасынын оюнун алгачкы жолу аял-рефери тейледи

Стефани Фраппар

Франциялык Стефани Фраппар УЕФА Чемпиондор лигасынын тарыхында алгачкы аял-рефери болду. Ал 3-декабрга караган түнү италиялык «Ювентус» жана украиналык «Динамо Киев» футболдук командаларынын оюнун тейледи.

Футболдук матч Италиянын Турин шаарындагы «Альянц Стадиум» стадионунда өткөн. «Ювентус» 3:0 эсеби менен «Динамо Киев» командасын жеңди — италиялык команда үчүн голдорду Кьеза, Роналду жана Мората киргизди.

Фраппар менен матчты анын ассистенттери Хишам Закрани, Мехди Рахмуни, Карим Абед жана Бенуа Миллот тейлешкен.

Буга чейин Фраппар 2019-жылы УЕФА Суперкубогу үчүн болгон матчты тейлеген. Анда англиялык «Ливерпуль» жана «Челси» беттешип, «кызылдар» матчтан кийинки пенальтиде Суперкубоктун жеңүүчүсү болгон.