Өлкөдө COVID-19дун жаңы 293 учуру катталып, 407 киши оорудан айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 7-декабрда Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 293 учуру катталганын маалымдады. Коронавирус инфекциясын жуктургандардын арасында 12 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 121 (тогуз медкызматкер);

Чүй облусу — 63 (бир медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 46;

Жалал-Абад облусу — 30 (бир медкызматкер);

Баткен облусу — 12 (бир медкызматкер);

Талас облусу — 11;

Ош облусу — 5;

Ош шаары — 4;

Нарын облусу — 1.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 407 бейтап сакайды — алардын арасында он медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 121, Чүй облусунда — 103, Жалал-Абад облусунда — 60, Баткен облусунда — 50, Ысык-Көл облусунда — 38, Талас жана Ош облустарында 12ден, Ош шаарында он жана Нарын облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коронавирусту жуктурган эки киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 75 395ке жетти. Анын ичинен 67 400 бейтап айыгып, 1 297 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 520 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 111 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 355 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.