Райым-миллион менен Көлбаевдин кармалышы мафия тууралуу киного окшоп кетти — АКШнын Кыргызстандагы элчиси

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу журналисттерге «Умтулуу» сыйлыгын тапшыруу аземине катышып, өлкө боюнча үстүбүздөгү жылдын маанилүү жаңылыктарын белгилеп өттү.

Лу мырзанын айтымында, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук Советтер союзунан бери келе жатат, бирок «Клооп», «Азаттык» OCCRP жана Factcheck басылмаларынын журналисттеринин жардамы менен УКТ көмүскөдөн чыкты.

«Бул кылмыштуу үй-бүлөнүн ач көздүгүнөн, күчүнөн жана кол тийбестигинен кыргыз коомчулугу жийиркенди. Алар бул кылмышкерлер кыргыз коомчулугундагы коррупцияны кантип күчөткөнүн көрүштү. Мурунку УКМК жана парламенттик комиссия иликтеп, бирок эч нерсе тапкан эмес», — деди АКШ элчиси.

Элчи өткөн жылы журналисттерге кол салган бир нече учур катталганын кошумчалады. Ошондой эле, Райымбек Матраимов ЖМКнын үстүнөн арызданып, алардын мүлкүнө арест койдуруп, редакциядан ондогон миллион сом өндүрүп алууга аракет кылган.

«Анан “Мекеним Кыргызстан” 4-октябрда добуштардын 24%ына ээ болуп жана парламентте дээрлик 40% орун алып, жөн жерден бийликке келе жаздыд. Ал эми 5-октябрда эл көтөрүлүп, мындай болбойт — добуш сатып алса, №2 формасын кыянат пайдаланса болбойт деп айтты», — деп кошумчалады Дональд Лу.

Элчи уюшкан кылмыштуу топтун интернет-троллдор, көчө кескилери жана ачык коркутуулар аркылуу Садыр Жапаровдун убактылуу өкмөтүнүн чечимине таасир этүүгө аракет кылганын белгиледи.

«20-октябрда УКМК Райым-миллионду кармаган. 22-октябрда Камчы Көлбаев камакка алынган. Сот Райым-миллионду үй камагына чыгарып, өлкөгө келтирген зыянды төлөп берүү убадасын алганы менен, бул кадамдар — башталышы. Бул жетишсиз, бирок бул башталышы гана», — деп билдирди Лу.

Элчи Көлбаев менен Матраимовдун кармалышы «Голивуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетет» жана ал азыр бүтө элек деп эсептейт.

«Кинонун кандайча бүтөөрүн айтып берейин. Өкмөт кылмышкерлерди жоопко тартат. Бул аларды жазалайт. Бул алардын кылмыштуу уюмдарынын кыргыз элинин ырыскысын уурдоодон коргойт. Бул кылмышкерлердин сиздин балдарыңызды баңгизат менен ууландыруусуна жол бербейт. Бирок бул нерселер кайраттуу адамдар каршы чыкканда гана жасалат», — деп эсептейт элчи.

Райым-миллион жана 700 млн долларды өлкөдөн чыгарып кетүү тууралуу иликтөө

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Иликтөө жарыялангандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү редакцияларды сотко берген, ал эми Матраимов бажыдагы коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экенин төгүндөгөн.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Матраимов УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган, бирок ал тергөө менен кызматташууга жана 2 млрд сом төлөөгө макул болуп, ошол эле күнү үй камагына коё берилген.

Матраимов 2020-жылдын ноябь айынын аягына чейин 2 млрд сом төлөп бере турганы боюнча ал учурда президенттин м.а Садыр Жапаров дагы айткан. Бирок Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 3-декабрга карата Матраимов 688,7 млн сом которгон.

Көлбаевдин кармалышы

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Матраимов кармалгандан кийин бир нече күн өткөн соң кармалган. Анын кармалышы тууралуу Камчыбек Ташиев УКМКнын башчылык кызматына келгенден кийин айткан. Учурда Көлбаев №47 түзөтүү колониясында.