Ноокат: Жашы жете элек кызды зордуктоого аракеттенген киши 10 жылга кесилди

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Ноокат районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген 29 жаштагы тургун 10 жылга эркинен ажыратылды. Өкүм Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Кылмыш быйыл 9-сентябрда жасалган. Айыпталуучу — Ноокат районундагы «Ата Мерек» чайханасынын ээси, ошол жерде официант болуп иштеген жабырлануучуга акча берип, тамеки алып келүүнү суранган.

Жабырлануучу өзүнүн көрсөтмөсүндө буга чейин чайхананын ээсине 2 миң сом карыз болгонун белгилеп, тамеки менен кошо карызды кайтарып жатканын айткан. Ал эми айыпталуучу жашы жете элек кызга «бир жолу жатып берсең 2 000 сомду бербей эле коёсуң» деп айткан.

«Анын [жабырлануучунун] жини келип, “акчаң керек эмес” деп сыртка чыгып бара жатканда, [айыпталуучу] анын эки колунан кармап, жаткырып алып, шымын тизесине чейин шыпырган. Кыз каршылык кылып, бирок күчү жетпей койгон. Ошол учурда анын [айыпталуучунун] иниси келип калган», — деп берилет соттун өкүмүндө.

Айыпталуучунун иниси чайханага кирип, өзүнүн агасын «Эмне кылып жүрөсүң?!» деп тилдеген учурда жабырлануучу сыртка качып чыккан.

Жолдо кыз өзүнүн жездесин көрүп, ага окуяны айтып берген. Кийинчерээк алар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Айыпталуучу сот отурумунда күнөөнү мойнуна албай, ошол күнү жабырлануучу андан 2 миң сом карыз сураганын белгилеген. Бирок, айыпталуучунун айтымында, ал кызга «жумуштан жыйынтык чыгаргандан кийин» акча бере турганын айткан. Ал эми киши кызды окуя болгон жерге «отургузуп койгондо, жабырлануучу жерге жатып калган».

Сот айыпталуучуну «Зордуктоого аракеттенүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, он жылга эркинен ажыратты.