Жапаровдун тарапкери «Мегакомдун» жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалды

«Альфа Телеком» («Мегаком») ЖАКы «Мекенчил» партиясынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков башкы директордун кеңешчиси болуп дайындалганын маалымдады. Аны дайындоо тууралуу буйрукка «Мегакомдун» башкы директору Акылбек Жамангулов 7-декабрда кол койду.

Жунусбеков жаңы кызматта кандай функцияларды аткара турганын азырынча кабарлашкан жок. Буга чейин Жунусбеков өзү кызматка дайындалганын четке кагып, жаңы кызматы боюнча маалыматтардын бардыгын «жалган» деп атап келген.

«Бул жалган, эч жакка дайындалган жокмун. Азыркы учурда Садыр Жапаровдун Талас облусу боюнча штабында иштеп жатам», — деген ал «Кактус.медиа» басылмасына курган маегинде.

«Профессионал митингчи»

Төрөхан Жунусбеков — президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясынын мүчөсү.

24.kgнин маалыматына ылайык, 2007-жылы ал «Кыргызстандын татыктуу келечеги» бирдиктүү фронтунун өкүлү болуп, андан тышкары, 2017-жылы Таластагы митингге катышкан.

Ошондой эле 2019-жылы Көркөм сүрөт өнөр музейиндеги «Феминнале» көргөзмөсүнө каршы чыккандардын бири болгон. Ал эми 2020-жылы мартта Садыр Жапаровдун Ала-Тоо аянтында өткөргөн тарапкерлеринин митингине катышкан.

Мэрлик кызмат үчүн күрөш

Төрөхан Жунусбеков 2020-жылы октябрда калаа мэрлигине Нариман Түлеевдин дайындалышына да каршы чыгып, аны кызматтан кетирүүгө аракет кылган.

Бишкек шаарынын мэрлик кызматы үчүн күрөшкөн Жунусбеков шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосуна да ээ экенин айтып, «дүйшөмбүдөн тартып» ишке киришүүгө даяр экенин билдирген. Бирок шаардык кеңештин депутаттары анын талапкерлигин колдобой турганын айтышкан. Жунусбеков Садыр Жапаровду колдой турганын да ачык эле айтып чыккан. Ал эми Нариман Түлеев Жунусбеков мэриянын кызматкерлерине кысым көрсөтүп жатканын маалымдаган.

Бирок, мэрдин кызматын аткаруучу кызмат ордуна Балбак Түлөбаев сунушталгандан кийин Жунусбеков мэрлик кызматты мээлеген дымагынан баш тарткан. Ал Түлөбаев «Суракматовдун жана Түлеевдин кишиси эмес» деп билдирген, анткени менен Түлөбаев мэр Азиз Суракматовдун командасына иштеген.