Бишкек мэриясы: Жаңы жылдан тарта Түндүк-батыш көрүстөнү жабылат

Борбор калаанын жетекчилиги 2021-жылдын 1-январынан тартып Ылдыйкы Орок айылына жакын жайгашкан Түштүк-батыш көрүстөнү жабылаарын билдирди. Мындай чечимге биринчи кезекте көрүстөндө сөөк коюуга орун калбай калгандыгы себеп болгон.

Көрүстөндүн жыбылуусуна «Ала-Арча», «Жер ынтымагы» конуштарынын, Мамэкотехинспекциянын, Санэпидемкөзөмөлдүн жана «Бишкек башкы архиректуранын» корутундулары дагы себеп болгон.

Мэриядан айтып беришкендей, мындан ары маркумдардын сөөгү кыргыз-казак чек арасынан алыс эмес жерде жайгашкан Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы жаңы көрүстөнгө коюлат.

Жалпысынан Бишкектин аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин (БАККА) карамагында алты көрүстөн бар: Түштүк-Батыш, Гроздь айылындагы, Ала-Арча жана жабык Түндүк, Боордоштор жана Дунган көрүстөндөрү бар.

Бишкектин айланасындагы мүрзөлөрдө сөөк коюуга орундар калбай баратканы былтыр жай айларында, коронавирус оорусу күчөп турган маалда айтылган. Анда COVID-19 жуктуруу коркунучунан улам коронавирустан кайтыш болгондордун сөөктөрүн жерге берүү боюнча кызматтардын баасы кескин жогорулаган болчу.

Аламүдүн районунун аппаратынын жетекчиси Гроздь айылында бардык конфессиялардын өкүлдөрү үчүн көрүстөнгө деп 49 га жер бөлүнүп берилген.

«Бирок, Бишкектин тургундарынын көбү жакындарынын сөөгүн жогорку аймакта коюуну каалашат. Бирок ал жакта жер дээрлик калбай калды, ал жакта өзүнүн калкы бар. Ошондуктан, жогорку аймактагы көрүстөндөрдүн көбүндө азыр каттоосуз көмүүгө тыюу салынган. Бишкекке жакын жайгашкан айрым айыл өкмөттөрү кеңештин сессиясынын чечими менен каттоосуз эле 10-15 миң сомго айылда коюуга уруксат берген учурлар кездешет», — деп түшүндүрүп берди аткаминер «Азаттыкка» курган маегинде.

«Азаттыктын» көрүстөндөгү коррупция тууралуу иликтөөсү

«Азаттыктын» маркум журналисти Улан Эгизбаев 2018-жылы жайында Туштүк-Батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Ал кыргызстандыктар көрүстөндө акысыз бериле турган жерлерди сатып алууга мажбур болушканын аныктаган.

Көрүстөндөргө байланышкан иликтөө жарыялангандан бир жарым ай өтпөй Эгизбаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында каза болгон.

Анын репортажында бир адам бир орунду 50 миң сомго сатып алгандыгы тууралуу айтылган. Анан калса, айрым адамдар тирүү кезинде өзүнө көрүстөндөн орун алып койгон учурлар болгон.

Эгизбаевдин иликтөө келтирилген факттарына байланыштуу БАККАнын кызматкерлерине каршы эки кылмыш иши козголгон.

Тергөө агенттик сөөк жашырууга көрүстөндүн жол тилкеси, жээкташ, сугат тутумдары жайгашкан бөлүктөрүн мыйзамсыз берип келген деп тыянак чыгарган. Бирок бул аймактарды изилдегенден кийин, адистер ал жерлерге сөөк коюлбаганын аныкташкан.

Андан тышкары, тергөө аталган агенттиктин айрым кызматкерлери сөөк койгону келгендерден акча алып жүрүшкөн деп ырастаган.

Натыйжада Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдалануу, алдамчылык жана ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу боюнча айыпталышкан.