Нарын: «Кара-Кечеден» баасы 1 млн сомду түзгөн көмүр уурдагандар аныкталды

6-октябрда белгисиз адамдар парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктардын шартында «Кара-Кече» көмүр кенинен мыйзамсыз 1 млн сомду түзгөн көмүр чыгарып кетишкен. Милиция бул ишке шектелгендерди таап, атүгүл келтирилген зыяндын бир бөлүгүн кайтарып берген. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 6-октябрь күнү саат 21:00 чамасында WhatsApp мессенджерден «өлкөдөгү абалдын курчушунан пайдаланып» болжол менен 100гө жакын белгисиз адам көмүр кендин директору менен башкы инженердин ээлеген кызматынан кетүүлөрүн талап кылышкан маалымат тараган.

Алар Кара-Кече кени тиешелүү болгон «Кыргыз Көмүр» ишканасынын башчысынан келдик деп айтышкан.

Нарын ОИИБнин милициясы көмүр шахтасына тез арада жетип барып, байкоочу камераларды текшерүүгө алган. Анда белгисиз адамдар көмүрдү унааларга жүктөп алып чыгып кеткени аныкталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы автоунаалар менен уурдап алып чыгып кеткен көмүрдөн “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына болжол менен 1 000 000 сом зыян келип, бүгүнкү күндө 700 000 сом өндүрүлгөн», — деп жазат ведомствонун басма сөз кызматы.

Аталган факты боюнча Нарын ОИИБнин Кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине 25 арыз катталып, анын ичинен 19 иштин бети ачылган. Калган арыздар боюнча тергөө уланууда.

«Саяк “Кара-Кечени” басып алды»

Кенден мыйзамсыз түрдө көмүр чыгарып кетишкени тууралуу 6-октябрда кабарланган. Ошондо «Кара-Кеченин» жетекчилиги арыз менен укук коргоо органдарына кайрылып, болжол менен 15:00дө белгисиз адамдар ишкананы басып алышканын билдирген.

«Бар болгон маалыматтарга ылайык, көмүр кенине кол салып, басып алууну Саяк каймана атындагы Мурат Кадыркулов деген кримтөбөл уюштурган. Кол салгандар филиалдын кассасында иштегендерден акча каражаттарын жана көмүр өнүмүн сатуудан түшкөн жарым миллион сомдон ашык суммадагы акчаны тартып алышкан», — деп айтышкан ошондо «Кара-Кеченин» кызматкерлери.

Ошондой эле алар филиалдын директору менен башкы инженерин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазууга мажбурлашкан. Ишкананын кызматкерлеринин айтымында, ал адамдар көмүрдү унааларга жүктөп, эч кандай документтерди толтурбастан эле жайбаракат чыгарып кетишкен.

«Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар жана калкты, ири өндүрүш ишканаларын жана Бишкек ЖЭБин камсыздоочу көмүргө мыйзамсыз ээлик кылуу 2020-2021-жылдагы жылуулук сезонуна терс таасирин тийгизет», — деп эсептешет көмүр кенин казып алуучулар.

Бирок премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков ишендиргендей, бийликте кышты «авариясыз» өтүүнү камсыздоо үчүн энергоресурстар жетиштүү.