Акылбек Жапаров күч түзүмүнүн ардагерлеринен кечирим сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров

Депутат Акылбек Жапаров Күч түзүмүнүн ардагерлеринен кечирим сурады. Буга чейин ал күч түзүмүндөгүлөрдүн айлык акысын көтөрүп, бирок жөлөк пулга кошумча акыны азайтууну сунуштаган. Ал эми бул тармактын ардагерлери эл өкүлүн сындап, каршы чыгышкан.

Жапаров өз демилгеси менен укук коргоо органдары жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлери менен жолугушкан. Ал Баш мыйзам боюнча, аскер кызматындагылардын жөлөк пулун эч ким ала албасын белгилеген.

«Социалдык фонддо Куралдуу Күчтөрдүн, Укук коргоо органдарынын пенсияга чыгуу саясаты бирдей болсо. Бирок ушуларга теңелип калган бөлөк мекемелердин, кишилердин статустарын өзүнчө караш керек. Укук коргоо органында иштегендерге кадимки жарандар да кошулуп кеткен. Мына ошолорду ирээтке келтирип, өзүнчө жөлөк пул саясатын жүргүзүү керек», — дейт Акылбек Жапаров өз кайрылуусунда.

Анын айтымында, аскер кызматындагылардын жөлөк пулу үчүн бюджеттен жалпы 3 млдр сом каралган. Ал эми пенсионерлердин кошумча акысы 3,7 млрд сомду түзөт.

«Кийинки жылдары да үзгүлтүксүз жөлөк пул алып туруу жана анын көлөмүн көтөрүш үчүн экономика менен иштешибиз керек. Ардагерлер алып жактан жөлөк пулуна татыктуу», — дейт эл өкүлү.

Жапаровдун сунушу

Белгилей кетсек, Социалдык жана Милдеттүү медициналык фонддун келерки жылдагы бюджетин талкуулоодо депутат Акылбек Жапаров кийинки жыл өтө оор болоору күтүлүп жатканын айтып, Каржы министрлиги реформаларды жасоосу керектигин белгилеген.

Ал генерал-чиновниктердин пенсиясынын кошумча акчасын алып салууну сунуштаган. Анын айтымында, «Генерал же бир убакта чоң кызматта иштеген чиновниктер айына 38-40 миң сом менен пенсияга чыгат. Андан тышкары 18 миң кошумча төлөнөт».

Бирок кийин күч түзүмүнүн ардагерлери отурум (тегерек стол) өткөрүп, Акылбек Жапаровдун оюн сындашкан болчу. Улуттук Гвардиянын экс-колбашчысы генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Жапаров айткан кошумча акы айрым гана ардагерлерге берилээрин айтып, калгандары аз эле акча алаарын билдирген.

Чотбаевдин айтымында, Кыргызстанда азыркы убакта 885 Куралдуу күчтөрдүн ардагери 5 миң сом өлчөмүндө кошумча акы алышат.