«Уят». Активисттер референдумду өткөрүүнү биринчи окууда колдогон депутаттарды уяткарды

Бүгүн, 10-декабрда, парламент депутаттары башкаруу формасын тандоо үчүн референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат. Буга байланыштуу Ак үйдүн алдында жарандык активисттер жана юристтер чогулду. Алар депутаттар үчүн имараттын кире беришинде «уят коридорун» уюштурушту.

Чогулгандар референдум өткөрүүгө каршы чыгып, VI чакырылыштын депутаттары баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө укугу жок деп эсептешет.

Активисттер мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон депутаттардын дарегине «Уят» жана «Шермендечилик» деп кыйкырышты.

Көп өтпөй депутат Дастан Бекешев парламентарийлердин көпчүлүгү Ак үйгө башка эшик аркылуу кирип кеткенин Твиттерге жазды.

Конституциялык мыйзамдар 80 депутат чогулуп, кворум болгондо гана каралат деген эрежеге карабастан, долбоор биринчи окууда кабыл алынган. Ал күнү жыйында болгону 63 эл өкүлү олтурган болчу.

Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорун колдоп берген. Мыйзамга болгону беш депутат каршы добуш берген: Дастан Бекешев, Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Рыскелди Момбеков.

Мыйзам долбоорун Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган убакыт аралыгында анын кеңешчиси болгон, депутат Акылбек Жапаров демилгелеген.

Долбоорго ылайык, референдумга бир гана маселе коюлат, башкаруу формасын тандоо керек — президенттик же парламенттик. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев добуш берүүдө үчүнчү — каршы деген пунктун жоктугун айтып, бул шайлоочулардын конституциялык укугун бузуу экенин эскертти.