Москва: Кыргызстандык аял метродо көз жарды, төрөттү полиция кызматкери кабыл алды

Орусиянын Москва шаарынын метросунда кыргызстандык аял уул төрөдү. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар өлкөнүн укук коргоо органдарына таянып жазышты.

Ички иштер министрлигинин Москва башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 9-декабрда кечки саат 19.00дөр чамасында болгон. Станцияда нөөмөттө турган прапорщик Алексей Орлов менен сержант Алеся Полякова эскалатордон түшкөндө жерге чөгөлөп аткан кош бойлуу жаш аялды байкап калышкан.

Кийинчерээк ал 29 жаштагы Кыргызстандын жараны экени белгилүү болду. Аял кош бойлуулугунун акыркы күндөрүндө болгон.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери медиктерди чакырууга жетишкен эмес. Анткени төрөт маалы жакындап калган. Полиция кызматкерлери төрөттү өздөрү кабыл алышып, ымыркайды ороп, жылуулап кармап турган.

Окуя болгон жерге келген тез жардам тобу эне-баланы төрөтканага жеткирген. Дарыгерлердин айтымында, полиция кызматкерлери жогору кесипкөйлүгүн көрсөтүшүп, туура жардам көрсөтүшкөн.

Мамлекеттик миграция кызматынын статистикасына ылайык, 2018-жылы Орусияда 640 миң кыргызстандык бар. Расмий эмес маалыматтар боюнча Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны 1 млнго чукулдап калган.