Сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камакта калтырды

Сүрөт: Апрель

Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын белгиледи — Атамбаев УКМКнын тергөө абагында дагы эки айга камакта калды.

Мурдагы президенттин адвокаттары бул чечимдин үстүнөн даттанарын билдиришти.

«Судья Термечиков Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу менин өтүнүчүмдү канааттандырган жок. Баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жаңы негиз болгон жок деп айтып жатат», — деп билдирди юрист Замир Жоошев.

Жоошевдин айтымында, сотто Атамбаевди УКМКнын тергөө абагында кармоо сыяктуу катаал баш коргоо чарасын белгилөөгө негиз жок, анткени мурдагы президенттин ден соолугуна байланыштуу маселелер бар.

Буга чейин Жогорку сот төмөнкү инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарган, бирок Атамбаев камактан бошотулган эмес.

Төмөнкү инстанциядагы соттор Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан.