Жол кире акысы кымбатташы мүмкүн деп билдирген мэриянын эки аткаминери кызматтан алынды

Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын башчысы Артур Өмүрзаков менен шаардык транспорт башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурлан Атыканов ээлеген кызматтарынан бошотулганын 10-декабрда маалымдады. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Өмүрзаков менен Атыканов 9-декабрда муниципалитет жол кире акысын нак акча менен төлөгөн жүргүнчүлөр үчүн шаардык транспортто жүрүүнүн акысын кымбаттатууну пландап жатканын, ал эми жол кире акысын «Тулпар» транспорттук картасы менен төлөгөндөр мурдагыдай эле 8 сом төлөшөрүн билдиришкен.

Түлөбаевдин айтымында, алар макулдашуусуз эле тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн деп билдирүү жасашкан.

«Эмне үчүн элди дүрбөлөңгө түшүрүшөт? Мындай чечим болгон эмес. Мен бир нече күн мурун эле тариф саясатын Бишкек шаардык кеңеши менен бирге чечишибиз керек айткам. Буга биздин укугубуз жок, шаардык кеңештин милдети. Албетте, мэриянын пикири дагы эске алынат. Бирок жол кире акысы 12 сомго чейин көтөрүлөт деп кантип айтышты?» — дейт Түлөбаев.

Ал муниципалитет шаардык транспортто жол кире акысын нак акча менен төлөөнү колдон келишинче жоюуга аракет кыларын жана мэрия «бул максатты ишке ашыруунун механизмдеринин үстүнөн иштеп жатканын» белгиледи.

2020-жылдын март айынан тарта Бишкек шаардык транспортунда (автобустар менен троллейбустарда) жол кире акысын «Тулпар» картасы аркылуу гана төлөсө болот. «Тулпар» — бул накталай эмес акча менен төлөөнүн бирдиктүү системасы. Бирок, пандемия, ӨК жана ӨА режимдеринен улам жүргүнчүлөрдүн көбү карта сатып ала элек, алар жол кире акысын накталай акча менен төлөшүүдө.