Кадамжай: Фейсбукта «экстремисттик чакырыктарды жасап жүргөн» киши кармалды

Сүрөт: Баткен ОИИБи

Социалдык желелерде «экстремисттик чакырыктарды жасап жүргөн» киши кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 11-декабрда билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, ушул жылдын жай мезгилдеринде Фейсбукта Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремистик уюмдарга таандык болгон видео материалдар, Сирия мамлекетиндеги куралдуу кагылуушуну колдогон тасмалар, жихатка чакырган үндөр таркатылып жүргөн. Таркатылган маалыматтарга комплекстүү экспертиза жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында экстремисттик деп аныкталган.

Мындан улам Кадамжай районунун ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери 10-декабрда Кызыл-Кыя шаарында 45 жаштагы кишини кармашкан. Ал Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну экендиги аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бул факт Кадамжай РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.