Ош: «Мас абалында сот отурумуна катышкан» прокурордун үстүнөн иликтөө башталды

Коллаж: Дастан Үмөтбай уулу/«Азаттык»

Ош шаарында «мас абалында сотко катышкандан кийин терезени сындырып качканы» айтылган облустук прокуратуранын улук прокурору Союзбек Сарыковдун үстүнөн кызматтык иликтөө башталды.

Анткен менен Ош облустук прокуратуранын Изин суутпай издөө жана тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Ильич Исманбетов «Азаттыкка» прокурор бул кадамга коопсуздугуна байланыштуу барган болушу мүмкүн деп билдирген.

«Менин укканыма караганда, отурумда эл көп болгондуктан коопсуздугуна байланыштуу ушундай кадамга барган», — деди ал.

Ал эми Ош ШИИБи прокурор катышкан окуя боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Буга чейин соцтармактарда 12-декабрда прокурор «мас абалында сотко катышкандан кийин терезени сындырып качып кетти» делген тасма тараган. Видео Ош шаардык сотунун имаратында тартылганы айтылат.

«Мына биздеги Ош облусундагы мыйзам өкүлдөрү. [Башкы прокурор] Курманкул Зулушев кайда карап отурасыз? Кызматкерлериңиз мас абалында элди соттотуп жүрөт. Видеодогу сот терезеден прокурорду качырган», —деп жазган тасманы жүктөгөн Венера Касымова аттуу фейсбук колдонуучусу.

Алгач тасмадан аял кишинин беткапчан кишиге «Союз, сен мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби?» деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Беткапчан киши аялдын суроосун жоопсуз калтырган.

«Мен сенин үстүңдөн тиешелүү жерлерге арызданам [...] Сөзүңдү сүйлөй албай, кагазыңды окуй албай жатасың. Кантип ушул кебетең менен баламдын тагдырын чечтиң? Сүйлөй албайсың, массың. Мени күйгүздүң го сен!» — деп ыйлаган тасмадагы аял.

Андан соң беткапчан киши имараттагы кабинеттердин бирине кирип кеткен. Ал эми экинчи тасмада кабинет сыртынан тартылып, анда терезенин тосмолору кыйшайып калганын көрүүгө болот — тасманын автору киши кирип кеткен бөлмөнүн терезесинен качып кеткенин айткан.

«Эшикти култап, сыртына стул коюп отуруп алгам. Союз Сарыков болсо терезени ачып, тосмосун кайрып, секирип түшүп качып кетти. Мен аны көрсүн деп наркологдорду күтүп жаткам. Байкоочу камерага да түшкөн», — деген андагы аял.

Ал кишини Союз Сарыков деп гана атап, кызмат орду тууралуу сөз кылган эмес. Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Назгүл Сагынбекова «Азаттыкка» Союзбек Сарыков прокурор болуп иштээрин тастыктаган.