Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мукур айылынын №25 мектебинин окуучулары окуу класстары жетишпегендиктен имараттын корудорунда окууга аргасыз. Бул тууралуу мектеп директору Осмон Абылкасымов «Турмуш» басылмасына кабарлаган.

Анын айтымында, мамлекет убада кылган каражатты бере электигинен эки жылдан бери мектептин жаңы корпусу курулбай турат.

«Окуучулар бөлмөлөрдүн тартыштыганан улам коридордо окушууда. 6 млн сом акча бөлүнгөн боюнча акча бөлүнгөн жок. Курулуш токтоп турат. Бөлүнгөн акчага мектептин пайдубалы куюлган. Биз эскилиги жеткен имаратта окуучуларды окутуп жатабыз. Бөлмөлөр тартыш. Коридордо дагы окуучулар окуп жатат. Учурда мектепте 480 окуучу бар», — деп билдирди Абылкасымов.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эмилбек уулу Таланттын айтымында, окуучулар эски жана жарым-жартылай бузулган мектеп имаратында мамлекеттин колдоосун күтүүгө мажбур.

«Турмуш» басылмасынын маалыматы боюнча, аталган мектеп 1951-жылы, ал эми экинчи корпусу — 1970-жылы курулган. Жаңы имараттын тендердик наркы 49 млн сомго бааланган.

Кыргызстанда жалпы билим берүүчү 2 265 мектеп бар. Бирок, анда билим алып жаткан окуучулардын саны 1,3 миллионду түзөт — бул окуу жайлары өзүнө батыра алган окуучулардын санынан кыйла көп. Өлкөдөгү мектеп имараттарынын көбү 50 жылдан ашун убакыт мурда курулган.

Билим берүү министрлиги 2020-жылы 244 мектепти авариялык абалда деп тааныганы менен балдар дагы деле ошол имараттарда окуп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА: