Өкмөт ID-паспортко «улуту» графасын кайтарды

Өкмөттүн басма сөз кызматы эми «улуту» деген графа Кыргызстандын жарандарынын ID-картасынын өзүндө жазыларын маалымдады. Тийиштүү токтомго 15-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койду.

Азыр жарандын кайсыл этностун өкүлү экендиги үй-бүлөлүк абалы жана жашаган жери тууралуу маалыматтар сыяктуу эле ID-картадагы чипте жазылган.

«Жарандын каалоосуна жараша бул графа паспорттун өзүндө көрсөтүлөт, бирок кайсыл жагында экени азырынча белгисиз. Башкача айтканда, маалымат чипте дагы, картанын бир жак бетинде дагы көрсөтүлөт», — деп түшүндүрүштү мамкаттоону басма сөз кызматынан.

Өзгөртүү киргизүү тууралуу чечимди буга чейин Жогорку сотттун Конституциялык палатасы чыгарган.

Ал чечимге ылайык, Кыргызстандын жаранын ID-паспортунда «этностук таандык» графасын көрсөтпөө Конституциянын 38-беренисине каршы келет. Аталган берене ар бир адамга өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүү укугун кепилдейт.

2020-жылдын октябрында Мамлекеттик каттоо кызматы өкмөттүн тапшырмасы менен кыргызстандыктардын паспортуна (2017-жылы чыгарылган ID-картанын үлгүсү) «улуту» графасын киргизүү боюнча иш башталганын кабарлаган.

«Болжол менен «улуту» деген графаны киргизиш үчүн ТИМдин башка өлкөлөр менен легализация жолун эске алсак — 90 күн сарпталат», — деп билдирген МКК.

Бийлик бул ишти ал убакта өлкөнүн премьер-министрлик кызматына киришкен Садыр Жапаровдун басма сөз жыйынынан кийин баштаган. Жапаровдун андагы элге кайрылуу сөзүнүн өзөгүн Сооронбай Жээнбековдун отставкасы, коррупция менен күрөшүү жана паспорттогу «улуту» графасын кайтаруу дагы түзгөн.

Кыргызстанда «улуту» графасы көрүнбөгөн биометрикалык паспорттор 2017-жылдын июнь айынан тарта бериле баштаган. 2004-жылы чыккан ID-картада «улуту» графасы бар болчу.