Сүрөт: Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун көрүнүшү

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун биринчи үлгүлөрү келип түшкөнүн маалымдады. Басма сөз кызмат ведомство бланктардын, дизайндын жана коргоо элементтердин сапатын сынай баштаганын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, документти жасоо жана жеткирип берүү ишин Германиянын Mühlbauer ID Services компаниясы аткарууда. МККнын маалыматына боюнча жаңы электрондук паспорттордо коргоонун заманбап 30 элементи бар, маалымат лазер менен түшүрүлөт, ал эми тышына электрондук чип орнотулган.

«Жаңы паспортторду ишке киргизүү 2021-жылдын биринчи жарым жылына пландалды», — деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан.

Эми жаңы паспорттордо Кыргыз Республикасынын аймактарынын символдорунун сүрөтү жайгашат. Жалпы жарандык паспорттун сырткы мукабасынын ички бетинде Кыргызстандын административдик-аймактык картасынын чакан сүрөтү орун алган.