Ысык-Көл: Акыйкатчынын аппараты 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишти көзөмөлгө алды

Акыйкатчынын аппаратынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишти көзөмөлгө алат. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аппараттан билдиришкендей, жабыр тарткан кыздын ата-энеси эки айыпталуучуну актап чыгарган Тоң райондук сотунун чечими менен макул эмес. Алар Ысык-Көл облсотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Ошондой эле, Акыйкатчы «Зордуктоо» беренесинин «Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо» катары өзгөртүлүшү менен макул эмес .

«Аны башынан эле "Зордуктоо" беренеси боюнча КЖБРге катташ керек болчу. Бул учурда кылмышты жасаган адам катуураак жазага тартылмак», — деп белгилешти акыйкатчынын аппаратынан.

Жабыркаган кыз учурда Ысык-Ата районунун реабилитациялык борборунда.

Үч айыпталуучу, бирок бирөө гана соттолгон

11-декабрда Тоң райондук соту Ысык-Көлдөгү 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган үч адамдын экөөсүн актаганы белгилүү болгон. Анын үстүнө, коё берилгендердин бири уюштуруучу болгон.

Белгилүү болгондой 25 жаштагы эки жана 45 жаштагы бир адам жарым жыл бою 13 жаштагы кызды зордуктап келишкен. Окуучу кыздын ата-энеси Бишкекте болгон. Жыйынтыгында 45 жаштагы адам гана соттолуп, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле, жабыр тарткан кыздын тууганы билдиргендей, окуя белгилүү болгондон кийин тергөөчү арызды көпкө чейин кабыл албай жүргөн.

Актоо өкүмүнүн чыгышы коомдо резонанс жараткан. Интернет колдонуучулар Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун ишин сынга алып, аны жоопко тартууну талап кылышкан.

Бул инцидентке өкмөт дагы реакция кылган. Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева окуя көзөмөлгө алынган билдирген.