Жапаров: Бакиевдин убагында «аты улук — супарасы курук» кызматта иштегем

Садыр Жапаровдун Талас шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунан скрин

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров мурдагы президент Курманбек Бакиев менен байланышы жок экендигин билдирди. Бул тууралуу ал 15-декабрда Талас шаарынын тургундары менен үгүт жолугушууда белгиледи.

Жолугушууга келген тургундардын бири «Бакиевдин убагында сиз чоң кызматтарда иштегенсиз да. Азыр алар сизди каржылап жатат деген маалымат туурабы?» деген суроого Жапаров «караандай калп» деп жооп кайтарган.

«Бакиевдин убагында мен комиссар болуп иштегем. Мыйзам чегинде милдетимди аткаргам. Бирок мен камчысын чаап, элдин же мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген мыйзамын, же жеке кызыкчылык үчүн кандайдыр бир маселелерин колдоп берген эмесмин», — деген Жапаров.

Ошондой эле, ал өзү иштеген кызматты «аты улук — супарасы курук» кызмат болчу деп атап, анткен менен «бир топ мэрлердин, акимдердин, прокурорлордун, соттордун былык иштерин ачканбыз. Ал КТРКнын архивинде сакталып турат» деп белгилеген.

Жапаровго буга чейин да Бакиевге байланышкан суроолор берилип келген. 12-ноябрдагы ЖМК өкүлдөрү менен болгон маалымат жыйында «Азаттыктын» журналисти мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу жана өлкөдөн чыгарылып кеткен 300 млн доллар боюнча суроо узаткан.

Жапаров 2010-жылкы окуя боюнча жалгыз эле Бакиевдер күнөөлүү эмес деп жооп берип, ал эми 300 млн боюнча так жооп берген эмес. Ошондой эле, Бакиевдерди экстрадициялоо маселеси 10 жылдан бери жүрүп жатканын белгилеген.

Курманбек Бакиев

Курманбек Бакиев — 2005-жылдан 2010-жылга чейин президент болуп турган. Ал 2005-жылы 24-марттагы революцияда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев кулатылгандан кийин бийликке келген.

Бакиев 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын президенттигинен кулатылган, кийин ал Беларустан саясий башпаанек алган.

2010-жылдын апрель окуялары боюнча 28 адам соттолгон. Анын ичинде Курманбек Бакиев (сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган), анын бир тууган иниси жана Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Жаныш Бакиев (өмүр бою эркинен ажыратылган) бар. Мындан тышкары, Бакиевдин уулдары — Марат менен Максимге да сыртынан эркинен ажыратылган.

Анын улуу уулу Марат дагы Беларуста, Раубичи аттуу элиталык айылда жашайт. Ал эми Максим Англиядагы Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайда жашайт.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айында Курманбек Бакиев «NazarNews» басылмасы аркылуу кайрылуу жасап, 2010-жылы адам өлтүрүүлөргө «төңкөрүштү уюштурган» Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да күнөлүү экенин билдирген.