Ош: «Жылуулук камсыздоо» ишканасына «Биримдиктин» мурдагы талапкери жетекчи болду

Эргешов

Ош шаарындагы «Жылуулук камсыздоо» ишканасына жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон Бекмурза Эргешов жетекчи болду.

Ишканадан билдиришкендей, буга чейинки жетекчи өз арызы менен жумушун тапшырган.

Эргешов «Биримдиктен» шайлоого 98-катарда барган. Ал буга чейин «ИИМдин МАИсинин Ош облусу боюнча адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялык дирекциясы» мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.

Ошондой эле Эргешов шайлоодон кийинки башаламандыктарда Ош шаарынын борбордук аянтында 6-октябрда Жээнбековдорду колдоо митингин алып барган.

5-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил аталган «Биримдик», «Кыргызстан» жана таасирлүү клан Матраимовдордуку делген «Мекеним Кыргызстан» партиялары алдыга чыккан.

Мындан улам шайлоонун эртеси Бишкектеги борбордук аянтка миңдеген киши чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Алар аталган партиялар күч менен жана админресурс аркылуу добуштарга ээ болушканына нараазы болушкан.

Нааразычылыктар митингине чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Эргешов башаламандыктарга себепчи болгон партиядан талапкер болуп, бирок бийлик алмашкандан кийин кызматка дайындалган биринчи киши эмес. Буга чейин 7-декабрда алгач «Мекеним Кыргызстандан» талапкер болуп, андан соң «Биримдикке» өткөн Данияр Иманалиев БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кеңешчиси болуп дайындалган.