«Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстандын» мурдагы талапкери БШК төрайымынын кеңешчиси болду

Данир Иманалиев. Сүрөт: Акипресс

Боршайкомдун басма сөз кызматы Данир Иманалиев БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кеңешчиси болуп дайындалганын билдирди.

Данир Иманалиев экс-бажычы, Кыргызстандан 700 млн долларды чыгарып кетүү ишинин фигуранты Райымбек Матраимовго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон. Партиянын тизмесинде Иманалиев 188-номерде катталган. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн Ысык-Көл районунун акими кызматын өткөрүп берген.

Бирок, кийинчерээк Иманалиев «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинен чыгып, «Биримдик» партиясынын катарына кошулган. Аталган партияны ошондо экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен байланыштырышкан.

«Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан»

Бийликчил делген «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партиялары 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партиялардын арасында болгон. Шайлоо алдындагы кампания учурунда эки партия тең №2 формасы аркылуу добуш сатып алууга да, админресурс колдонууга да айыпталышкан.

Бирок, митингдердин натыйжасында 6-октябрга караган түнү Ак үй басылып алынгандан кийин Боршайком шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Кийин алтынчы чакырылыштын депутаттары парламентке кайрадан шайлоо өткөрүүнү 2021-жылга жылдырууга жана конституциялык реформа жүргүзүүгө жол берген мыйзам кабыл алышкан.