Соцфонд: Пенсия төлөмдөрү үчүн каражаттар жетишсиз болуп калышы мүмкүн

Парламент депутаттары 17-декабрда 2019-жылга карата Социалдык фонддун бюджет боюнча отчётун жана 2021-жылга божомолун угушту. Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева бюджеттин тартыштыгынан улам ведомство «элге жакпаган чараларды» көрүшү мүмкүн экенин айтты.

«Биз Соцфонддун чыгымдарын оптимизациялоону, тескеп-башкарууну сунуштайбыз. Өткөн жылы 47 миң жаран пенсияга чыкты. Алардын жарымы мөөнөтүнөн мурда чыкты, муну карап чыгыш керек. Болбосо пенсионерлердин саны өсө берет», — деп келтирет Жуматаеванын айткандарын «Тазабек».

Анын айтымында, Соцфонд тарыхта биринчи жолу камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 млрд 700 млн сомго төмөндөө менен баратат. Ал эми салык кызматы 2021-жылы өсүү анчейин чоң болбосун белгиледи.

«Мындай шартта тарифтик ченди ылдыйлатуу терс натыйжа берери бышык, биз эртең пенсия төлөй албай калышыбыз мүмкүн. Азырынча Салык кызматынан тескөө-башкарууну жакшыртууну суранып жатабыз. Тескөө жана башкаруу жакшырса — төгүмдүн келип түшүүсү жакшырат, анда биз тариф саясаты боюнча реформаларыбызды толук кандуу ишке ашыра алабыз», — деп түшүндүрдү ал.

Жуматаева кошумчалагандай, эгер Соцфонддо 2021-жылдын январында эгер пенсияларды төлөөгө каражаттары жок болуп калса, анда фонд Каржы министрлигинен жардам сурайт.

Тартыштуу бюджет

Өлкөнүн бюджетиндеги көйгөйлөр жана тартыштык маселеси тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев ноябрда эле сөз кылган. Ал ошондо Кыргызстандын киреше бөлүгү 2020-жылдын тогуз айында күтүлгөн 110 млрд сомдун ордуна 88 млрд 320 млн сомду түзгөнүн айтып берген.

Ошол эле учурда, Мукашев мамлекет тарабынан төлөнүүчү социалдык төлөмдөр үзгүлтүккө учурабай турганын кошумчалаган.