Путин: Кыргызстанда бийликти башаламандык менен алмаштырып келишет

Орусия президенти Владимир Путин 17-декабрдагы видеоконференцияда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки Кыргызстандагы саясий абал тууралуу оюн айтты.

«Алар ички саясий турмушту айрым бир батыш өлкөлөрдүн бычымына ылайыктап жөнгө салуу максатында дайыма алдыга жүткүнүп, бийликти башаламандык менен алмаштырып келишет. Саясий аң сезимдин, саясий институтттардын деңгээли Франциядагыдай эмес да. Аларда саясий система ондогон, а балким жүздөгөн жылдар аралагында калыптанган», — деп жооп берди Путин журналисттердин суроосуна.

Ал мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттерде мындай көп жылдык парламенттик башкаруу тажрыйбасы жок экенин кошумчалады.

Кыргызстандагы саясий кризис 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган. Кийинчерээк митингдер менен башаламандыктардын шарында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган, ал эми өлкөдө бийлик алмашкан. Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кетип, ал эми анын милдетин абактан чыккан Садыр Жапаров аткара баштаган.

Жапаров жогорку кызматка митингдердин жана тарапташтарынын колдоосу менен ээ болгон. Көп өтпөй парламент депутаттары Жапаровдун демилгеси менен Конституциянын жаңы долборун жана башкаруу формасын тандоо үчүн референдум өткөрүүнү сунуштаган. Президенттик шайлоого катышуу үчүн Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктарынан баш тарткан. Ал өз ордун үзөңгүлөшү Талант Мамытовго өткөрүп берген.