«Дизлайктан» улам КТРК талапкерлердин кайрылуусун өчүрүп кайра жүктөдү

Мамлекеттик коомдук телерадиокомпания YouTube-каналына президенттикке талапкерлердин 10 мүнөттүк кайрылууларын жүктөп, кийинчерээк өчүрүп, 17-декабрда кайрадан жүктөдү.

КТРК эмне деген акмакчылык? Талапкерлердин кайрылуусун очуруп видеону кайра жуктоп просмотрларды жанылап? Кече кечинде...

Опубликовано Daniiar Sharabidin Четверг, 17 декабря 2020 г.

Фейсбук колдонуучулардын айтымында, видеолор талапкерлердин бири Садыр Жапаровдун кайрылуусунун астында көп «дизлайк» басылып башталганына байланыштуу өчүрүлгөн.

Скрин: Кубанычбек Тагаев

Ошондой эле башка талапкер — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун кайрылуусу биринчи жолу жүктөлгөндө дээрлик 38 миң жолу көрүлгөн. Ал эми Мадумаровдун кайрылуусу өчүрүлүп, кайрадан жүктөлгөндө 5 миңден ашуун гана көрүүлөр болгон.

Скрин: Данияр Шарабидин

Башка талапкерлердин кайрылуусу бир миңден он миңге чейин көрүлгөн. Видеолор экинчи жолу жүктөлгөндө алардын көрүүлөрү кескин азайган.

Мындан сырткары жаңыдан жүктөлгөн видеокайрылууларда канча «лайк» жана «дизлайк» басылганын көрүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле алардын астына комментарий жазуу функциясы өчүрүлгөн.

Июлдун башында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун элге кайрылуусу 4 миңден ашуун «дизлайк» чогултуп, аны сындаган жүздөгөн комментарийлер жазылгандан кийин видео өчүрүлүп, кайрадан жүктөлгөн. Президенттин аппараты видеокайрылуулар «комментарийлердин көбү фейк аккаунттардан жазылгандыктан» жаңыланып жүктөлгөнүн билдирген.

Ал эми каналдын продюсерлеринин бири Бактияр Тукеев «Азаттыкка» видеолор техникалык каталардан улам өчүрүлгөнүн билдирген.